Экс-президент Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова 28-июнда 95 жашында каза болду.  «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунан кабарлкашкандай, Салийка Даниярованын сөөгү 30-июнда Чүйдүн Аламүдүн районундагы Байтик айылында жерге берилет.

Ал 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында төрөлгөн. Даниярова бүтүндөй өмүрүн билим берүүгө арнап, мугалим болуп иштеген.

1952-жылы Нарын шаарында педогогикалык училищеде башталгыч класстын мугалими адистиги боюнча билим алган. Дээрлик 10 жыл Нарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектепте иштеген.

Кийин күйөөсүнүн жумушуна байланыштуу Ош шаарына келип, Терешкова атындагы мектеп-интернатта ишин уланткан. Андан кийин 1967-жылы Фрунзеге [азыркы Бишкек] келип, 1975-жылга чейин пенсияга чыкканга дейре №1 спорттук мектеп-интернатта эмгектенген. Салийка Даниярова күйөөсү Исхак Отунбаев менен сегиз баланы — жети кыз, бир уулду тарбиялашкан.