Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 5296га жетти — жаңы 297 учур

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 30-июнда өлкөдө дагы 279 адамдан коронавирус табылганын маалымдады — алардын 47си медкызматкер.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 182 (33 медкызматкер);

Чүй облусунда — 36 (1 медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 18 (4 медкызматкер);

Талас облусунда — 15 (7 медкызматкер);

Нарын облусунда — 10 (2 медкызматкер);

Баткен облусунда — 9;

Жалал-Абад облусунда — 7;

Ош шаарында — 1;

Ош облусунда — 1.

Жаңы катталган учурлардын экөө сырттан келген кыргызстандыктардан аныкталды, калган 277 киши коронавируска өлкөнүн ичинде чалдыккан.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 5296га жетти — анын 830у медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 2370 адам айыгып, 57 бейтап каза болду.

Бишкек шаарында — 2097, Чүй облусунда — 732, Ош шаарында — 651, Ош облусунда — 485, Нарын облусунда — 484, Жалал-Абадда — 336, Ысык-Көлдө — 129, Баткенде — 77 жана Талас облусунда — 66 учур катталды.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.