COVID-19дан дагы 73 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 1-июлда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 73 бейтап коронавирустан айыкты.

Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Өпкөнү сезгенткен илдеттен айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 30. Жалал-Абад облусунда жети, Ош облусунда бир, Ош шаарында 20, Чүй облусунда он үч жана Нарын облусунда эки адам сакайды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 2443кө жетти — бул жалпы оорулуулардын 43 пайызы.

Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирустун жаңы 439 учуру катталды — жалпысынан 5735 учур. Ооруканаларда 750 адам жатат — алардын он тогузу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган.