Кара-Суу шаарынын мэри болуп мурдагы бажы кызматкери Адыл Лолобаев шайланды

Сүрөт: Борбордук шайлоо комиссиясы

Ош облусунундагы Кара-Суу шаарынын башчылыгына Адыл Лолобаев шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 1-июлда кабарлады.

БШК маалымдагандай, Лолобаев бул кызматка жалгыз талапкер болгон — аны Кара-Суу шаардык кеңешиндеги КСДП партиясы сунуштаган. Лолобаевди жергиликтүү кеңештин 30 депутаты колдоп берди, бирөө шайлоого катышкан эмес — 31 депутатынын 23ү КСДП фракциясынан.

Ал эми мурдагы мэр Кутугали Козубаев үстүбүздөгү жылдын 4-мартында өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Жаңы мэрди шайлоо 25-мартка дайындалган, бирок өлкөдө коронавирус жайылганына улам шайлоо жылдырылган.

БШК шайлоо маалында коронавирус инфекциясын жайылтпоо үчүн талаптар сакталганын белгилейт. Бардык колдонулган буюмдар дезинфекцияланып депутаттар жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушкан. Ошондой эле 1,5-2 метр социалдык аралык сактоо үчүн эскертмелер коюлган.

Адыл Лолобаев 57 жашта. Жаңы калаа башчысы Кара-Суу районунун Мады айылында туулуп-өскөн. Ал 1997-жылдан тарта бажы тармагындагы ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2006-жылы Лолобаев Оштогу бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Кийинчерээк ал бажы кызматынын Жалал-Абад жана Баткендеги башкармалыктарын да жетектеген.

Лолобаев тууралуу ачык булактардан маалымат табуу дээрлик мүмкүн болгон жок. Акыркы жылдары кайсы кызматта иштегени боюнча да маалымат табылбады.

Ал эми Кара-Суу районун Тилек Матраимов жетектейт — ал бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы. Кара-Суу районунда 400 миңге чукул адам жашайт. Калктын жыштыгы боюнча аталган район биринчи орунда турат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтмөк. Бирок пандемияга байланыштуу шайлоого байланыштуу бардык иш-чаралар убактылуу токтотулган. Ал эми октябрга парламенттик шайлоо белгиленген.