ССМ: Тез жардамга күнүнө 4000ден ашуун чакыруу түшүп жатат

Мадамин Каратаев

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 1-июлдагы брифингде тез жардам кызматына күнүнө төрт миңден ашуун чакыруу түшүп жатканын билдирди. Мындан улам ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга жетишпей жатканын айтты.

Ошондой эле Каратаев оорунун белгилери билинбеген, абалы «жеңил» болгон жарандарды дарыгерлерден онлайн консультация алып, үй шартында дарылоого чакырды.

«Эгер бейтап оор абалда болсо тез жардам унаасын күтпөй эле ооруканага жеке унаада келсеңер болот деп кече мен айттым эле. Ал сөздөн кийин эле жеңил абалдагылар да, ооруканага муктаждыгы жоктор да “жаткыргыла” деп келип жаткан учурлар болуп жатат», — деди Каратаев.

Каратаевдин айтымында, дагы 25 тез жардам унаасын ишке киргизүү үчүн медицина кызматкерлерин атайын окуудан өткөрүү керек. Учурда бул маселени чечүү жолдору каралып жатат.

Өлкө боюнча коронавирустун 5735 учуру катталса, анын 2197си Бишкек шаарында. Борбор калаада аталган инфекция кескин жайылууда. Ооруканада керебеттер жетишпегендиктен 750 кошумча орундук ачуу пландаштырылып жатат.