Коронавирус дагы 71 медикте аныкталды

Саламаттык сактоо министрлиги дагы 71 медкызматкерде коронавирус тастыкталганын кабарлады.

Коронавируска чалдыккан медиктердин 36сы Бишкекте, 19у Чүйдө, бешөө Ысык-Көлдө, төрттөн Ош жана Ош облусунда, үчөө Баткенде, экиден Нарын жана Жалал-Абад облустарында катталды.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусу тастыкталган канча медикте пневмония аныкталганы тууралуу кабарлаган жок.

COVID-19га чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны — 1 065, алардын ичинен 490 медкызматкер айыгып чыккан.

Учурда беш медкызматкердин өлүмү тууралуу белгилүү, бирок инфекция жугузуп алган жана андан каза тапкан медиктердин саны мындан көп болушу мүмкүн. Кыргызстандыктар соцтармактарда жакындарынын, туугандарынын өлүмү тууралуу жазып жатышат, алардын арасында медкызматкерлер да бар.

Жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү компенсация каралган. Компенсацияны төлөп берүү тууралуу чечимди инфекция жуктуруунун жагдайын иликтөөнүн негизинде атайын комиссия чыгарат.

Учурда Ош облусунда COVID-19 жугузуп, бирок компенсация ала элек 41 медкызматкер тууралуу белгилүү.