Экс-депутат Камчыбек Ташиев пневмонияга кабылып, оор абалда

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

Экс-депутат Камчыбек Ташиев 3-июлда эки тараптуу пневмонияга кабылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Регион» телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов депутаттын уулу Тай-Мурас Ташиевге таянып билдирди.

«3-июлда эки тараптуу пневмония диагнозу коюлду. Ага чейин ооруп, жакшы болом деген үмүттө үйүнөн дарыланып жаткан. Азыр абалы оор бойдон калууда», — деди ал.

Рахманов экс-депутат учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын кошумчалады.

Ал эми анын иниси Шаирбек Ташиев «Турмуш» басылмасына буга чейин Камчыбек Ташиевдин аялы да эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылганын айткан.

Өлкөдө Covid-19 илдетине катар пневмония ооруусу да күч алууда – 6-июлга карата пневмониядан бир сутка ичинде 18 бейтап каза болду. Ал эми март айынан бери каза болгондордун жалпы саны – 195 адамга жетти.