Боронов: Ооруканадан тышкары пневмония — бул коронавирус инфекциясынын кесепети

Премьер-министр Кубатбек Боронов 7-июлда өткөн брифингде пневмония менен ооругандардын саны өсүп жатканына байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал мурдагыдан да курч экенин билдирди. Анын айтымында, жарандар коронавирус инфекциясынын кесепетинен улам пневмония менен ооруп жатышат.

«Республикада эпидемиологиялык кырдаал өтө оор болуп турат. Акыркы күндөрү өлкө боюнча күнүгө 300дөн ашык адам коронавирус инфекциясын жугузууда. Айрым учурда COVID-19га чалдыккандардын саны 500гө чейин жетүүдө. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту», — деди Боронов.

Бирок Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жана пневмония менен ооруган бейтаптардын санын дагы деле эки башка эсептеп жатат. Учурдагы кырдаалдын көрүнүшү төмөнкүдөй (маалыматтар 7-июлга карата көрсөтүлдү):

  • Коронавирусу тастыкталган адам өлүмүнүн саны — 99;
  • Пневмония болгон адам өлүмүнүн саны (коронавируска тапшырган тести таза чыккандар) — 224 адам.

Башка көптөгөн өлкөлөрдө бул бейтаптардын бардыгы бир статистикага алынат, анткени алардын симптомдору жана ден соолукка тийгизген кесепеттири окшош же бирдей.

7-июлга карата Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 8 141 адамга жетти. Ошол эле учурда ССМ пневмония болуп ооругандардын статистикасын айтпай келет. Жарандардын көбүндө коронавируска тапшырган тести таза чыгып, бирок белгисиз себептер боюнча пневмония аныкталууда.