БШК жабдууларды жана баннерлерди ташууга 21,1 млн сом коротот

Мамлекеттик сатып алуулар порталында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21,1 миллион сомго тендер жарыялады.

Конкурстук билдирмеге ылайык, БШК аймактык шайлоо комиссияларынан участкалык шайлоо комиссияларына баннерлерди, таратма материалдарды, жабдууларды жана канцтоварларды ташуу кызматын сатып алууну пландап жатат. Бул иштер 2020-жылдын 1-августунан тарты 6-октябрга чейин аткарылышы керек.

БШКнын басма сөз кызматынан тендер 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого карата жарыяланганын «Клоопко» ырастап беришти. БШКдан кошумчалашкандай, жакын арада брифинг өтөт жана анда келе жаткан парламенттик шайлоо жана ага даярдык көрүү тууралуу кенен маалымат берилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Өкмөткө БШК бекитип бере турган смета боюнча шайлоо өткөрүүгө каражат бөлүп берүү тапшырмасы берилди. 2019-жылдын сентябрында өкмөт парламенттик шайлоого 1,2 млрд сом бекиткен. Бирок, пандемиядан улам бюджеттин бардык беренелери кыскартылып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 560 млн сом коротуу пландалууда.

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аткаруу бийлиги санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылышы керек. Министрлер кабинети БШКга киберкоопсуздукдук камсыздоого жардам берет.

Башкы прокуратурага Конституциянын жана бардык мыйзамдардын сакталышын камсыздоо тапшырылды. Ал эми жергиликтүү администрациялар менен Бишкектин жана Оштун мэрлерине шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Шайлоо босогосун төмөндөтүү

Мурдараак президент «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, эми шайлоо босогосу 9дан 7 пайызга төмөндөтүлдү.

Бул деген күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо партиялар шайлоочулардын добуштарынын жалпы санынын 7%ынан кем эмес добуш алышы керек дегенди билдирет. Буга чейин бул көрсөткүч 9% болгон.

ДАГЫ ОКУҢУЗ: Парламенттик шайлоо 2020. Ал кандай өтөт?