«Шайтандын эле кылган иши». Сузакта күйөөсүнөн кордук көргөн Дилрабонун маеги

Дилрабо Мурзахмедова. Сүрөт «Аял, адеп, ислам» ютуб каналынан скриншот кылып алынды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү тарабынан кордолгон Дилрабо Мурзахмедова жергиликтүү журналистке маек куруп, ал 1-июлда «Аял, адеп, ислам» ютуб каналына жарыяланган.

Анда Дилрабо күйөсү менен болгон чырдын чоо-жайын айтып, аны кечиргендигин билдирген. Ошондой эле аны тосмо арыз жазууга эч ким мажбурлабаганын белгилеп, күйөөсүнүн жакшы адам экендигин айткан. Биз Дилрабонун маегин баяндап беребиз.

«Жини катуу келип калган экен»

Дилрабо уруштун баары анын Ош шаарына сүннөт тойго келип, үйүнө бир күн кечигип барганынан башталганын айткан. Анын сөзүндө телефону эскирээк болгондуктан, күйөөсү телефон чалган учурда өчүп калган, мындан улам ага «катуу ачууланган».

«Башында күйөөм экөөбүз жөнөмөй болгонбуз, бирок ал кайра ойлонуп үйдө калмай болгон. Эрте менен туруп каттама кылдым, аш кылдым. Чогуу отуруп жедик, анан мен жолго чыктым. Анан ошол бир күн кечигип келдим, телефонум жолдо келгенче өчүк болду. Жаңжал ошондон чыкты. Негизи күйөөм өзү үйдө 3 күн жалгыз отуруп, ачка болуп, талаага ишке барып жини катуу келип калган экен», – деген ал.

Соцтармактарда тараган тасмада күйөөсү Дилрабонун моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, колун артына байлап, үстүнө чакалап суу чачып, бетине чаап, муштагылаган. Соттук-медициналык экспертиза анын ден соолугуна «жеңил залал келтирилген, бул саламаттыктын кыска убакытка бузулушун шарттаган» деген корутунду чыгарган.

Ал эми Дилрабо окуядан соң ооруканага көрүнүп, укол алганын айткан – ошентсе да ал «ден соолугуна эч кандай зыян келген эмес» деп эсептейт.

«Анча-мынча эле уруш болчу»

Ал буга чейин үй-бүлөсүндө мындай чыр-чатак чыкпаганын айткан. Башка бир ЖМКларга курган маегинде «мынчалык катуу сабаган эмес» деп белгилегени да бар.

«Эми анча-мынча уруш болот эле, бирок мынчалык болбойт эле. Бир жылда бир болот эле. Кечээгисинде 10 мүнөттөй болду, токтоду. Элдер аны 1-2 саат болду деп ойлошсо керек. 10 мүнөттүн ичинде ушул ойлобогон нерсе болуп кетти», — деген Дилрабо.

Дилрабо күйөөсү «эл ойлогончолук жаман адам» эмес экенин билдирип, аны кечиргенин айткан. Ал эми чырдын чыгышы боюнча «бул бир шайтандын эле кылган иши болду» деп комментарий берген.

«Жанагы окуядан кийин элдер күйөөмдү өтө жаман, көрүп калышты. Бирок чындыгында күйөөм андай адам эмес. Ал озү жакшы адам, жогорку билимдүү. Эгер андай жаман адам болгондо мен дагы бир нерселерди сүйлөйт элем. Эми 26 жылдан бери бирге жашап келе жатабыз. Уулубуз бар, аны үйлөнтөйүн деп турабыз, чогуу небере багабыз. Аны ошондо эле кечиргем, биз дагы да чогуу жашайбыз, жакшы жашайбыз», – деп айткан ал.

Ошондой эле Дилрабо, аны тосмо арыз жазууга эч ким мажбурлабаганын кошумчалаган.

Кечиргендей түр көрсөтүү

Буга чейин кризистик борборлордун жетекчилери «Клоопко» берген маегинде аялдар чын-чынына келгенден зордукчу күйөөлөрүн эч качан кечиришпейт деп айтышкан.

Алардын айтымында, аялдар кечиргендей түр көрсөтүп гана күйөөлөрү менен жашоого мажбур болушат – алар көп учурда күйөөлөрүнө финансылык жактан көз каранды болуп, өз алдынча жашап кете алуусуна ишенишпейт.

«Негизинен аялдардын тосмо арыз жазып калуусунун себеби, бул ошол биздин жашоо шартыбыздын эле тийгизген таасири. Аялдар эч качан кечирбейт, кечиргендей түр көрсөтүп, чогуу жашаганга аргасыз болот. Анын жүзүндө күйөөсүнө өмүр бою жылуулук болбошу мүмкүн. Бирок айласыздан ошол нерсеге барууга мажбур болот», – деген «Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова.

Ошондой эле аялдар көпчүлүк учурда балдары үчүн гана күйөөсү менен кайрадан чогуу түтүн булатууга аргасыз болушат.

«Көпчүлүк учурда алар балдарынын келечегин ойлоп, алар “апаң атаңды каматып жибрерген” деген сөзгө туш болбосу үчүн да тосмо арыз жазышат. Алар өздөрүн ойлошпойт», – деп билдирген «Каниет» реабилитациялык борборунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова.

Дилрабону кордогон күйөөсү 2-июлда шартуу кесилип, сот залынан бошотулду.