Жалал-Абад ОИИБ: Сузактык аялдын саламаттыгына жеңил залал келтирилгени аныкталды

Иллюстрация: Татьяна Зеленская

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Бек-Абад айылында аялын аёосуз сабаган тургундун иши сотко өткөрүлдү. Ага карата «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен айып тагылды.

Жалал-Абад ОИИБиден билдиришкендей, экспертиза аялдын ден соолугуна «жеңил залал келтирилген, бул саламаттыктын кыска убакытка бузулушун шарттаган» деген корутунду чыгарды.

«Бүгүнкү күндө бул иш боюнча Сузак РИИБинин тергөө тобу тарабынан ачылган сотко чейинки өндүрүш аягына жетти», — деп берилет Жалал-Абад ОИИБинин пресс-релизинде.

Буга чейин, 12-июнда, социалдык тармактарда аялынын моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, колун артына байлап, үстүнө чакалап суу чачып, бетке сабап жаткан кишинин видеосу тараган. Анда айыпталуучу тасманын авторуна «тарт, сабак болушу керек, кийин эстейт» деп айтканы бар.

Милиция кызматкерлери тасмадагы кишини 11-июнда кармашкан. Аталган факт башында «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталган, бирок тиешелүү материалдар топтолгон соң бул факт «Уруп-согуп кыйноо» беренесине өзгөртүлгөн.

Тергөөнүн алкагында окуя 8-июнда болгону аныкталды. Күйөөсү аялын бир тууган эжесиникине барып бир аз кармалып келгени үчүн сабаган — киши бул тасманы кайын эжесине жиберүү үчүн тарттырганы белгилүү болду.

13-июнда Сузак райондук соту шектүүнү 15 суткага камакка алган. Ошол эле күнү жабырлануучу тосмо арыз жазып, «жолдошун кечиргенин» айткан. Бирок милиция буга карабастан тергөөнү уланткан.

Аталган окуя коомчулуктун арасында резонанс жараткан соң өкмөт бул окуяны «көзөмөлгө алганын» билдирген.

Коомдун реакциясы

Бул окуяга көңүл кош карабаган жарандар 14-июнда саат 21:00дө @tajadymm инстаграм баракчасында үй-бүлөлүк зомбулук темасына арналган онлайн митинг өткөрдү. Ага миңдеген адам катышты.

Ошондой эле жарандык активисттер 15-июнда сузактык аялды колдоп, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында зомбулукка каршы пикетке чыгышкан. Бирок тынчтык акция милиция кызматкерлери тарабынан таратылган. Укук коргоо органдары муну «өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калып атканы» менен негиздешти.

Мындан улам активисттер карантиндик эрежелерди бузбоо үчүн бир кишилик пикетке чыгып жатышат.

Сүрөт: Бекжан Асылбеков