Акыркы суткада коронавирус жуктурган 13 киши каза болду — тизме

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Республикалык штаб Кыргызстанда 8-июлга карата коронавирус жуктурган дагы он үч бейтап каза болгонун билдирди. Алар төмөнкү ооруканаларда дарыланып жатышкан:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 67 жашта);

№ 6 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 3 (3 эркек, 69-55-70 жашта);

Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);

Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 53 жашта);

Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 64 жашта, аял 55 жашта);

Жайыл аймактык ооруканасынан – 3 (эркек, 63 жашта, 2 аял – 59-70 жашта);

Москва аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 49 жашта).

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп көз жумган бейтаптардын саны 112ге жетти, алардын арасында тогуз медкызматкер жана бир мугалим бар. Кыргызстанда 8-июлга карата коронавирус жалпысынан 8486 кишиге жукту. Анын 2983ү айыгып ооруканадан чыгарылды.