Бишкекте кызын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) басма сөз кызматы Бишкекте 15 жаштагы кызын өлтүрүүгө шектелген киши кармалганын кабарлады.

Кайгуул милициясынын маалыматына ылайык, 6-июль күнү болжолдуу эртең мененки саат 9да нөөмөт бөлүгүнө бир киши кызын сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге келип, кыздын денесин тапкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 15 жашар кыз алган жарааттарынан көз жумган.

Шектүү маркум кыздын атасы болуп чыгып, ал милиция тарабынан кармалган.

Аталган факт «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча КЖБРге катталды.