Математик Жоомарт Байсалов дүйнө салды. Ал пневмония менен ооруган

8-июль күнү этең менен профессор Жоомарт Байсалов кайтыш болду. Бул кабарды «Клоопко» маркумдун тууганы ырастап берди.

71 жаштагы окумуштууда пневмония болгон, ал эки апта үйдө дарыланып, тамчылатма дары куйдуруп жатканы белгилүү.

Байсалов математика теориясы жана андан сабак өтүүнүн ыкмалары боюнча 179дан ашуун илимий эмгектердин автору. Ал 22 илим кандидатын, бир PJ докторун жана 90дон ашуун магистрантты даярдаган.

Ал математикадагы эмгек жолун 1970-жылы университеттен кийин эле математика сабагынын мугалими болуп баштаган. Андан кийин аскерге барып, ал жактан келгенден кийин методист болуп иштеп, окуусун аспирантурада уланткан. 1990-жылдан тарта университеттерде иштеп баштаган. КУУнун доценти болуп, ошол эле окуу жайда жогорку математика кафедрасын жетектеген.

Ал математика кафедрасын Арабаев атындагы университетте да жетектеген. 2000-жылдан баштап аттестациялык комиссияларда иштеп, 2010-2013-жылдары Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун мүчөсү болгон. Байсалов билим жана илимге кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйлыктарга татыган.

Байсаловго чейин бир апта мурда башка окумуштуу-математик, 59 жаштагы Батырбек Дуулатов да каза тапкан. Анда коронавирус тастыкталган эле, ал 30-июнда ооруканага жаткырылган убактан үч күн өткөндөн кийин көз жумган.