ССМ билдирет: «Үйдөн өз алдынча антибиотик каражаттарын, "Дексаметазон" дарысын колдонбоңуздар!»

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова COVID-19 жуктургандарды антибиотик жана «Дексаметазон» каражаттары менен өз алдынча дарыланбоого чакырды. Анын айтымында, жарандар, биринчи симптомдор пайда болоору менен токтоосуз түрдө врачтарга кайрылышы керек.

«Эгерде кимдин дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлсө, сөзсүз 118 колл-борборуна чалып кеңеш алып, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыздар. Дарыгерлердин жазып берген гана рецепттери менен дарыланууга чакырам. Эч качан үйдөн өз алдынча антибиотик каражаттарын, "Дексаметазон" даарысын колдонбоңуздар жана дүрбөлөңгө алдырбаңыздар», — деп билдирди Акматова.

Ал коронавирус жуктурганда табит тартпай калганына карабастан оорулуулар жакшы жана туура тамактанып, андан тышкары суюктуктуу жетишерлик ичиши керектигин белгиледи.

«Коронавирус илдетине кабылгандарда тамакка болгон табит жоголот. Ошого карабастан суюктукту ичүүгө, тамак-аш, жер-жемиш, жашылчадан салаттарды көбүрөк жегенге аракет кылыңыздар. Жүрөк оорусу барлар бир күндө 2 литрден кем эмес суу ичүүлөрү керек», — деди Акматова.

Расмий статистикага таянсак, өлкөдө үй обочосунда жаткан 5068 адам бар. COVID-19га чалдыккандардын көбү стационарларда орун жоктугунан үйдө калып, үй шартында дарыланууга аргасыз.

Кыргызстандыктар соцтармактардан иш-жүзүндө Республикалык штабдын ыкчам байланыш линиялары менен байланышуу, анын ичинде ҮМБнын врачын да үйгө чакыруу мүмкүн эместигин айтышууда.

Көп учурда мындай көрүнүш бейтап дарыгерден консультация жана жардам ала албай, оорусу өөрчүп кеткен учурларга алып келүүдө.

Ооруп аткан кыргызстандыктарга мекендештеринин тагдырына кайдыгер эмес адамдардын бардыгы жардам колун сунушууда.

4-июлда Бишкек мэриясы калаанын ар бир районунда кошумча күндүзгү стационарларды ачканын кабарлаган. Ал эми кайдыгер эмес жарандар жана бизнесмендер менчик отелдерин жана башка чоң аянтчаларын күндүзгү стационарлар үчүн беришүүдө.

Ооруп аткан кыргызстандыктарга кеп-кеңеш берүү үчүн врачтар жана психологдор Телеграм тайпаларды ачып, ал жактан кеп-кеңеш жана сунуштарын онлайн түрдө бекер беришүүдө.

Врачтардын өздөрүнө да жардам көрсөтүлүүдө. Өлкөдө ыктыярчылык негизде врачтарга жардам берип аткан ыктыярчылардын топтору да түзүлүүдө. Алар врачтар үчүн тамак-аш жасап, бейтаптарды кароого көмөктөшүп, жеке коргонуу каражаттарына акча топтоп, врачтарды үйлөрүнөн алып, кайра жеткиришүүдө.

9-июлга карата, бүткүл республика боюнча коронавирус жуктуруунун 8 847 учуру тууралуу белгилүү. Пневмония менен ооруп жаткан бейтаптар да бар, бирок ССМ алар тууралуу статистика бербей келет, ошондой эле COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды эки башка эсептейт.