Бишкек: Ыктыярчылар медиктерге алар тартуулаган беткап берилбегенин айтып чыгышты

Спортсмен жана ыктыярчы Абдурахманхаджи Муртазалиев 9-июлда Бишкектин №1 клиникалык ооруканасынын кызматкерлери ал чогултулган каражатка алып берген беткаптар менен антибиотиктерди алышпаганын билдирди.

«Беткаптарыбыз кайда?»

Муртазалиев Инстаграм барагында видео жарыялады. Ал видеодо оорукананын медиктери ыктыярчылар алып келген беткаптарды алышпаганын айтышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Меня зовут Абдурахман Муртазалиев. С начала второй волны коронавируса я принял очень важное решение - взять на себя ответственность за сбор денежных средств для приобретения масок третьего уровня, которые позволяют медикам находится в красной зоне, где находятся тяжело больные, но при этом не заражаться самим. Решил не оставаться в стороне в столь сложное для нашей Республики время, потому что я душой и сердцем переживаю за каждого и мне больно осознавать всю действительность. В некоторых случаях мы закупали антибиотики и средства индивидуальной защиты, как это произошло 4 июля, когда мы поехали в 1-ую Городскую больницу на ул. Фучика, чтобы обеспечить мед.персонал. Для 1-ой городской больницы мы закупили респираторы FFP3 550 штук и 200 ампул левофлоксацина сумму на 250 000 тыс сомов. Всё, что мы закупили было передано главврачу 1-ой городской больницы Бокошеву Жусупу Бейшекадыровичу под видеозапись, которая впоследствии была опубликована в социальной сети Instagram. Но каково мне было осознавать, что все усилия, приложенные неравнодушными людьми, которые отправляли свои накопления для закупки всего необходимого, оказались напрасными? В такое сложное для всего мира время, когда люди умирают у порогов мед учреждений, а врачи массово заражаются COVID-19, я получал информацию о том, что привезенные нами респираторы носят только сотрудники из руководства 1-ой городской больницы и администрация, а рядовые медики ходят в обычных масках. Да, информация может быть противоречивой и иногда не соотствовать действительности, поэтому не взирая на эмоции и чувство полной опустошенности мы решили проверить, так ли это на самом деле и поехали в эту больницу снова. Информация о том, что рядовые медики не получили респираторов подтвердилась сразу же после того, как мы подошли к больнице и начали расспрашивать мед.персонал, который был совсем в других масках. Всё это было зафиксировано посредством видеосъемки, которая местами была произведена не совсем качественно, потому что врачи боялись с нами разговаривать о чём-либо, увидев камеру. Это в очередной наталкивает на мысли о том, что врачи крайне напуганы и бояться лишиться работы.

Публикация от Абдурахманхаджи Муртазалиев (@murtazaliev_bjj)

Спортчу Kaktus.Media басылмасына курган маегинде, медиктерге коргонуу каражаттарын жана препараттарды сатып алуу үчүн кайдыгер эмес жарандардан акча чогултканын айтып берген. Ыктыярчы чогулган акчага зарыл медициналык аспаптарды жана препараттарды сатып алып, Бишкектин №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгерине берген. Бирок бир нече күндөн кийин ал медперсоналдан эч кандай беткаптарды албаганы тууралуу билдирүүлөрдү ала баштаган.

«Медицина кызматкерлери биз алар үчүн сатып алып берген респитарлорду көрүшпөптүр», — деди ал.

Анын айтымында, сатып алынган беткаптардын көбү дал ошол ооруканага берилген, анткени ал жакта абал «абдан оор».

«Беткаптардын эң эле көбү ушул ооруканага берилген, анткени ал жакта баарынан да оор, очогу ошол жерде. Интернеттеги үрөй учурган видеолордун бардыгы, адамдар кире беришинде каза таап атканы тартылган, дал ушул ооруканада», — деп түшүндүрдү ыктыярчы.

«Медпрепараттар менен жеке коргонуу каражаттардын бардыгы кампада»

Оорукананы башкы врачы Жусуп Бошкоев «Клоопко» курган маегинде ыктыярчылардан түшкөн бардык керектүү медкаражаттар менен препараттар кампада сакталуу экенин билдирди, анткени врачтар алдын ала бир нече күнгө жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалган.

«Алардын ою боюнча биз бул беткаптарды иштеп жаткандарга дароо берип салышыбыз керек. Бирок дүйшөмбү күнү биз бардык керектүү коргоону үч-төрт күн алдыга берип койгонбуз. [...] Алар алып келгендер кампадагы дарыканада жатат. Бизден кимдир-бирөө аларды алып кеткен жок да. Бүгүн биздин кыздар видеого тартып, беткаптар жана препараттар кампада жатканын жана кимге керек болсо, ошого берилерин көрсөтүштү», — деди башкы дарыгер.

Оорукананын медиктери ыктыярчылар берген жардам кампада сакталып атканын тастыктоо катары видео жаздырып чыгарышты. Видеодо врачтар оорукананын жетекчилиги гумжардамды сатпаганын айтып, ыктыярчыларды такталбаган маалымат таратпоого чакырышты.

«Интернетке гумжардам сатылып жатат деген видео чыккан. Биз ал эч жакка кеткен жок деп айткыбыз келет. Бизди туура түшүнгүлө, биз бардыгын чыгымдалышына жараша берип жатабыз. Силер алып келип бергендердин бардыгын, бардык гумжардамды дароо берип сала албайбыз. Сураныч, адамдарды адаштырбагыла», — деп айтат видеодо медик ыктыярчылар алып келип берген респиратор жана антибиотиктерди көрсөтүп.

№1 ооруканасындагы «чыдагыс кырдаал»

Бул №1 оорукананын аты аталып аткан биринчи жолку эле жагдай эмес. Мурдараак клиниканын хирургу жетекчилигин сынга алган. Ал клиникадагы «киши чыдагыс» иш шарттарына даттанып, башкы дарыгер Жусуп Бошкоевди коррупцияга айыптаган.

«Башкы врачыбыз эң жөнөкөй шарттарды түзүп берүүнүн ордуна ишибизге тоскоолдук жаратып жатат. Муну жаткырбай, тигини жаткыр деп фамилиялар жазылган ар кандай каттарды жазат. Ал арада ооруканабызга жата албай имараттын босогосунда адамдар өлүп жатат. Башкы врач жада калса душ кабиналарын коё алган жок. Төрт күндөн бери кызыл тилкеден тер басып чыгып жатабыз, ал жерде болсо ысык суу жок. Муздак суу менен жуунгандыктан кырылдап калганыбызды көрүп жатасыңар. А биз болсо ошол беткап менен дем алышыбыз да керек», — деген ал.

Бирок башкы дарыгер айыптын бардыгын четке кагып, хирургду «арызданганды жактырган урушчаак адам» деп сыпаттады.

«Дөлөт Ибраимов — арызданып көнүп алган урушчаак адам. Март айында өз кесиптештерине да арыз жазып, кийин ал тастыкталган эмес. Аны менен соттошот элем, бирок азыр ушундай кырдаалда, убактым жок», — деген башкы врач.

Хирургдун билдирүүсүнөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин №1 клиникалык ооруканасын жана анын башкы дарыгерин коррупция фактысына текшерген атайын комиссия түзүлөөрүн билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 10-июлда өлкөдө медиктер COVID-19 жуктурган 1450 учур жана 5 өлүм катталды.

БУЛ БОЮНЧА ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

Бишкектин №1 ооруканасы текшерилет. Буга чейин хирург башкы врачты коррупцияга айыптаган

«Эреже сакталбайт». Бишкекте хирург башкы дарыгердин иштерине арызданды, жетекчиси айыптоолорго жооп берди