Бишкектин №1 ооруканасы текшерилет. Буга чейин хирург башкы врачты коррупцияга айыптаган

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 9-июлдагы брифингде хирург Дөөлөт Ибраимовдун билдирүүсү боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлады. Ал Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасын жана анын башкы дарыгери Жусуп Бошкоевди коррупция фактысына текшерет.

Эгер Ибраимовдун айыптоолору тастыкталса, Бошкоев кызматынан алынат.

Дөөлөт Ибраимов 6-июлда өлкөнүн жетекчилигине видео кайрылуу жасап, өзү иштеген оорукананын башкы дарыгери Бошкоевди бейтаптарды тааныш-билиштик менен ооруканага жаткырып, медкызматкерлердин иш-шартына көңүл бурбайт деп айыптаган.

Ошондой эле ал башкы врач медиктер үчүн нормалдуу иш шарт түзүп бербейт жана жеке коргонуу каражаттары менен междабдыктарды тыңыраак бөлүштүрбөйт деп билдирген.

Башкы врач 9-июлда «Клоопко» маек куруп, анда Ибраимовдун айыптоолорун четке кагып, текшерүүгө даяр экенин айтты.

«Туура, келе беришсин, башкалардан сурашат», — деди Бошкоев.

Анын айтымында, Ибраимов медициналык мекеменин персоналына таарынып жүргөндүктөн видео кайрылуу жаздырган жана бул врачтын оорукананын ишине карата экинчи даттануусу.

Бошкоев хирург март айында эле жамаатка каршы финполго арыз жазганын айтып берди. Финполдун текшерүүсүнүн жыйынтыгында Ибраимовдун айыптоолору тастыкталган эмес.

«Ар бир үй-бүлөдө түзүк эмес адам болот. Жамааттын тынчы кеткен. Факттар тастыкталган эмес. Дөөлөтбек Ибраимов менен эч ким деле сүйлөшпөй калган», — деп айтып берди Бошкоев.

Ошондой эле башкы врач үй-бүлөсүнүн дээрлик бардыгы коронавирус менен ооруганын кошумчалады. Анын жубайы оор абалда болуп, бирок кенже кызы аны үйдө дарылаган, анткени ооруканалар бош эмес эле.

Анын айтымында, Ибраимов аялы менен эжесин жумушка чыккан күндүн эртеси эле ооруканага жаткырган. Башкы дарыгер кырдаал бир-аз басаңдап, убактысы пайда болгондо бул факт боюнча иликтөө жүргүзмөкчү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эреже сакталбайт». Бишкекте хирург башкы дарыгердин иштерине арызданды, жетекчиси айыптоолорго жооп берди