Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19дун дагы 719 учуру катталды – бул жаңы антирекорд

Иллюстративдик сүрөт. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Республикалык штабдан 12-июлда Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 719 учуру катталганын маалымдашты. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 127 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 500 ( 51 медкызматкер);

Чүй облусунда — 96 (44 медкызматкер);

Ош шаарында — 37 (12 медкызматкер);

Ош облусунда — 20 (4 медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 10 (1 медкызматкер);

Баткен облусунда — 34 (7 медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 15 (5 медкызматкер);

Талас облусунда — 6 (3 медкызматкер);

Нарын облусунда 1 учур.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 10629га жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 1656 медкызматкер бар. Илдеттен 132 киши каза болуп, 3387 бейтап айыкты.

Жалпы оорулуулардын 4941и Бишкек шаарында — борбор калаа бул көрсөткүч боюнча биринчи орунда. Чүй облусунда — 2068, Ош шаарында — 1009, Нарын облусунда — 648, Ош облусунда — 667, Жалал-Абадда — 591, Ысык-Көл облусунда — 322, Баткен облусунда — 291 жана Талас облусунда 92 учур катталды. Мындан сырткары Орусиядан келген 240 мекендештерден коронавирус аныкталган.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 670 адам дарыланып жатат — алардын ичинде 24 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ошондой эле коронавирусту жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган 6440 бейтап үй карантининде отурат. Акыркы сутка ичинде 2479 изилдөө жүргүзүлгөн.