Москвадан келген врачтарды аэропорттон ким тосуп алышы керек эле? Түшүндүрөбүз

Эмне болду?

Кыргызстандын Шахмат Федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков 12-июлда өзүнүн фейсбук барагында Москвадан «Манас» аэропортуна учуп келген ыктыярчы медиктерди эч ким тосуп албаганын жазган. Анын айтымында, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана парламенттин депутаттары Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов медиктерди тосуп алабыз деген убадасында турушкан эмес.

«Бири да аэропортко келишкен жок, жада калса врачтарды транспорт менен да камсыздашкан жок. Бактыга жараша аэропортко өз адамдарыбызды узатканы барып калып, медиктер мейманканага чейин биз менен келишти. Аткаминерлерибиз уялышы керек. Адамдар бардыгын таштап, бизге жардам бергени келишти, алардын билетин курулуш компаниясы төлөп берген, ал эми өкмөт жада калса транспортун да камсыздап бере алган жок», — деп нааразы болгон Асанбеков.

Москвадан чартер каттамы менен 12-июлда 45 медик «Манас» аэропортуна келип конду. Врачтар мекенине коронавирус инфекциясы менен ооруканадан тыш пневмониясына каршы күрөшкө жардам берүү үчүн келишкен.

Депутаттар эмне дешти?

Депутат Жанар Акаев фейсбук барагында видео жарыялап, видеодо Саламаттык сактоо министрлиги сурангандыктан аэропортко барбаганын айткан.

«Кечээ Саламаттык сактоо министрлигине өзүм сунуштагам: “эгерде силерде мүмкүнчүлүк жок болсо, биз атайын автобустарды жиберип, мейканалар менен камсыздап беребиз” деп сунуш бергенбиз. Бирок мага кечээ кечинде ССМдин орун басары телефон чалып, “жок, биз атайын гараждардан автобустарды бөлдүк, жатакананы даярдап койдук, сиздер убара болбогула бул өкмөттүн иши, бизде жоопту адам дайындалды” деп айткан», — деди Акаев.

Депутат мекенине келген медиктерден кечирим сурап, өкмөттө уюштуруучулук менен координация абдан начар экендигин кошумчалады.

«Мына азыр саламаттык сактоо министринин орун басары келип, өкмөттүн атынан врачтардан кечирим сурап, шалаакылык кылганын мойнуна алып анан кетти», — деди Акаев.

Депутат саламаттык сактоо министри Мадемин Каратаевди айтса керек, себеп дегенде министрдин экинчи орун басары инфекциялык ооруканада дарыланууда жатат.

Депутат Алтынбек Сулайманов фейсбук барагында бул тууралуу ага эч ким кабарлаган эместигин жана билбегенин айтып, медиктерди тосуп албаган өкмөт менен элчиликти шалаакылыкка айыптаган.

«Урматтуу мекендештер, мага эч бир жан кайрылган эмес. Эгерде мен врачтардын келерин билсем, өткөндө келген дарыгерлердей эле жакшылап тосуп алып, жайгаштырмакмын. Бул көрүнүш элчилик менен Өкмөттүн катардагы, дагы бир шалаакылыгы!» — деп жазган Сулайманов.

Өкмөт эмне деди?

Өкмөттөн вице-премьер-министр Акрам Мадумаров да медиктерди аэропортто тосуп алышы керек эмес эле деп билдиришти. Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, бул ишти ССМ алып барып жаткан.

«Медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзүп келген. Дарыгерлерди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Бирок өкмөттөн ССМ кайсы «объективдүү себептерден улам» ыктыярчы медиктерди тосуп албаганын түшүндүргөн жок.

Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?

Анткен менен Саламаттык сактоо министригинин басма сөз кызматы ыктыярчы врачтарды аларга билет сатып алууга көмөктөшкөн курулуш компаниясынын жетекчилиги тосуп алганын кабарлады. Билдирүүдө аэропорттон врачтарды тамактанууга алып кетишкени белгиленет.

«“Манас” аэропортунда ыктыярчыларды “Артвин” компаниясынын жетекчилиги тосуп алып, бардык конокторду Бишкекке алып барышты, ал жакта кечки тамак уюштурулган болчу. Мындан кийин ССМдин статс-катчысы жана орун басары менен врачтардын расмий жолугушуусу өттү. ССМдин өкүлдөрү аларды мейманканада тосуп алышты», — деп билдиришти министрликтен.

Ыктыярчы врачтар тамактанууда. Сүрөт: «Артвин» курулуш компаниясы

Курулуш компаниясы эмне деди?

«Артвин» курулуш компаниясынын башкы директору Сапарбек Курманбаев «Клоопко» курган маегинде, медиктер аларды аткаминерлер тосуп алат деп учаар алдында туура эмес маалымат алышканын айтты.

«Аларды ким тосуп алып, ким алып кетерин өздөрү түшүнүшкөн эмес. Бирок биз ССМ менен алдын ала медиктерди тосуп, тамак берип, курсагын тойгузуп, аларды жолугушууга мейманканага алып барабыз деп сүйлөшкөнбүз», — деди Курманбаев.

View this post on Instagram

Представляем Вам видеоотчет о том, как мы встречали врачей из РФ. ⠀ ✅ 12 июля, ориентировочно в 15:00 из Российской Федерации в аэропорт Манас прибыло 45 медицинских работников. ⠀ 45 врачей-героев, граждан Кыргызстана, которые помогут своей стране в борьбе с COVID-19. ⠀ ✅Строительная компания АртВин и Act Building выступили спонсорами: ⠀ - Было куплено 45 авиабилетов; ⠀ - Врачи были доставлены до Бишкека; ⠀ - Их встретила команда строительной компаний АртВин в бизнес центре Авангард, в кафе SkyBerry. ⠀ После дружеского обеда Министерство Здравоохранения приняло врачей под свое руководство, для дальнейшего распределение по медицинским учреждениям. ⠀ 🚀С 13 июля врачи начинают работу по борьбе с COVID-19. ⠀ 🇰🇬Мы снова призываем всех, у кого есть такая возможность, помочь в борьбе с пандемией! ⠀ @artwin.kg @act.building.kg @adylbekasanov @nurlan_artwin

A post shared by Квартиры Бишкек (@artwin.kg) on

Анын айтымында, медиктер менен кошо башка жүргүнчүлөр да келгендиктен, ошондой эле келген башка да врачтардын чогулулуусун күтүү керек болгондуктан, алар аэропорттон чыкпай көпкө күтүп калышкан.

«Алар көп адам болду, алар бир-бирден чыгып, ар бири өз жүгүн күтүп турду. Айрым дарыгерлер кечигип чыгышты. Ар бир медикти күтүп туруш керек болчу», — дейт Курманбаев.

Ал соцтармактарда «медиктерди эч ким тосуп алган жок, бирок ыктыярчылар транспорт уюштуруп, аларды куткарып кетишти» деген туура эмес маалымат тарап жатканын белгиледи.

«Ошол [Кыргызстандын Шахмат Федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков аэропортко келген] маршрутканы биз төлөдүк. Биз аны менен алдын ала сүйлөшүп алып, медиктин бардыгын ошол кичи автобуска отургуздук. Айрымдарын таксиге бөлдүк. Биз ага жеринде эки миң сом бердик», — деди Курманбаев.

Дарыгерлердин мекенине кайтуусу

Врачтар жана медкызматкерлер коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берүү үчүн Кыргызстанга кайтып жатышат. Өлкөдө врачтар абдан катуу жетпей жатат, анын үстүнө алардын ичинен 1000ден ашууну коронавируска чалдыгып калган.

10-июлда врачтар жана медайымдар чартердик рейс менен Новосибирсктен Кыргызстанга учуп келишкен. Буга чейин да Москва жана Екатеринбургдан дарыгерлер тобу келген.

Коронавирустун пандемиясы менен күрөшүп аткан медиктердин бардыгы коркунучта болууда, себеп дегенде алар күн сайын инфекция жуктургандар менен байланышат.

13-июлга карата, Кыргызстандын медкызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруунун 1 781 учуру катталды. Бирок бул санды так деп айтууга болбойт, анткени ооругандардын саны чындыгында кыйла көп. Анткени ССМ коронавирус жана пневмония менен ооругандарды эки башка эсептейт. Бирок ал бул статистикаларды бириктирүүнү убадалаган.

Пандемия башталган күндөн тарта өлкөдө коронавирус жуктуруу учурларынын саны 11 117ге жетти.