Саламаттык министри менен орун басары Бишкекте дарыланып жатканы айтылды

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 13-июлда брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев Бишкектин Республикалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жатканын кабарлады. Буга чейин соцтармактарда аткаминерлер дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени айтылган.

«Алар Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада жатышат. Керектүү дарылоодон өтүп жатышат, бирок алардын жумушка чыга турган убактысы азырынча белгисиз», — деди ал.

Анын айтымында, эки аткаминердин тең абалдары туруктуу.

Соцтармактарда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Сабиржан Абдикаримов жана Нурболот Үсөнбаев чет өлкөгө дарыланууга чыгып кетишкени тууралуу маалымат жайылган.

Саламаттык сактоо министрлигинен тышкары, бул маалыматты Абылгазиевдин мурдагы басма сөз катчысы Адилет Султаналиев да төгүндөп, экс-премьер-министр Кыргызстанда экенин билдирди.

Мурдараак Абдикаримовдо пневмония, ал эми анын орун басарында коронавирус аныкталганы белгилүү болгон.

Аткаминердин экөөсү тең жаш курагы боюнча коркунуч тобуна жакын — министр 61, ал эми орун басары 58 жашта.

Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарды коронавирус жана пневмония менен ооругандар деп эки башка статистикага бөлүп эсептегенин улантууда. Ал учурда врачтар учурда катталып аткан вирустук пневмонияны COVID-19дун оор өткөн формасы деп айтышууда. Ведомство бириктирилген статистика жүргүзүүнү убада кылганы менен азырынча аны аткарып баштай элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирус жуктуруунун 11 117 учуру катталды. Алардын ичинен COVID-19дан 3 460 бейтап айыгып чыккан. Коронавирусу тастыкталган 147 бейтап каза тапкан.

Март айынан бери республика боюнча пневмониядан 452 адам көз жумган.