Ак-Суу психоневрологиялык үй-интернатынын жетекчиси пневмониядан каза болду

Нарынкүл Үсөнбаева. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу психоневрологиялык үй-интернатынын жетекчиси Нарынкүл Үсөнбаева 13-июлда 70 жаш курагында эки тараптуу пневмониядан улам каза болду.

Үсөнбаеваны анын жакындары эмгекчил, шайыр адам, кесипкөй жетекчи жана мыкты эне болгон деп эскерип жатышат.

«Накуш, кандай сонун жаркылдаган, ууртуңдан күлкүң төгүлгөн жан элең. Сен жүргөн жерде ар дайым күлкү болчу эле. Ушунчалык күчтүү, жашоону жакшы көргөн, иштеген ишиңдин майын чыгарып, ошондон ырахат алчу элең», — деп жазды анын курбусу Тамара Сакеева.

Нарынкүл Үсөнбаева Ысык-Көлдүн Барскоон айылында туулган. Ал 19 жашынан баштап социалдык кызматтарда эмгектенип, 53 жашынан өмүрүнүн аягына чейин Ак-Суу психоневрологиялык үй-интернатынын жетекчиси болуп иштеди.

Үзүрлүү эмгеги үчүн ага «Эл сүйгөн жетекчи», «Эң мыкты жетекчи», , «Жылдын жетекчиси», «Социалдык коргоонун отличниги», «Мыкты социалдык кызматкер» жана башка бир катар наамдар ыйгарылып, 67 жашында «Кыргызстан аялдар конгресинин» энциклопедиясына киргизилген.

Өлкөдө 14-июлга карата коронавируска чалдыккандардын саны 11 538ди түздү — 149 адам илдеттен каза болду. Ал эми пневмония оорусу март айынан бери 497 кишинин өмүрүн алды.