Бишкектин күндүзгү стационарларында 9 күндө 9 адам каза болду

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы күндүзгү стационарларда дагы эки адам каза тапканын 13-июлда кабарлады. Жалпысынан Бишкектин күндүзгү стационарлары иштеп баштаган 9 күндүн ичинде 9 адам каза болду.

«Мэриянын күндүзгү стационарлары саат 8:00дөн 20:00гө чейин күчөтүлгөн режимде иштеп жатат», — деп кабарлашты мэриядан.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 9 күндүн ичинде күндүзгү стационарлар 23 миңден ашуун адамды кабыл алып, алардын ичинен 139у ооруканага жаткырылган.

Мэриядан стационарлардын алдындагы кезек күтүүлөр кыйла азайганын белгилешти.

Жалпысынан Бишкекте 12 күндүзгү стационар ачылган. Ал жакта жеңил формадагы ОРВИ менен ооруган бейтаптар медициналык консультация, дары тамчылатма жана укол ала алышат. Бул стационарлар оорусу оор өтүп жаткан бейтаптарга ылайыкталган эмес.

Ошондой эле мэрия калаанын ар бир районунда кечки стационарларды ачууну пландап жатат.

Учурда 7-кичи райондогу «ДСК» спорткомплексинин жана «Консул» ресторанынын базасында стационарлар даярдалып жатат.

«Орундар даяр болду, тосмолор жана дары тамчылаткычтар үчүн штативдер даярдалууда, медперсоналды алуу өтүп жатат, медиктердин коопсуз иши үчүн шарттарды уюштуруу жүрүп жатат (коргонуу каражаттары, турак-жай, тамак-аш)», — деп билдиришти мэриядан.

Саламаттык сактоо министрлигинен күндүзгү стационарлардын бардыгы эле санитардык талаптарга ылайык келе бербесин моюнга алышты.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, бул стационарларды ачууга бейтаптардын өз алдынча дарылануусун токтотуу бирден бир себеп болгон.

«Азыр стационарларда шарттарды оңдоо мүмкүнчүлүгү каралып жатат», — деп билдирген ал 13-июлдагы брифингде.

14-июлга карата, Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 11 538 учуру катталды.

Алардын ичинден 4 995 адам COVID-19дан айыгып, инфекциясы тастыкталган 149 адам каза тапты.

Кырдаал ооруканадан сырткары пневмониянын айынан оорлошууда. Март айынан бери өлкө боюнча 497 адам пневмониядан каза тапты.