Эки тараптуу пневмониядан врач Үмүтжан Мусаева кайтыш болду

Бишкекте 8-июлда врач гепатолог Үмүтжан Мусаева дүйнө салды. 66 жаштагы маркумда эки тараптуу пневмония аныкталган.

«Мусаева Үмүтжан Бердибековна кете берди. Ал врач консультант, гепатолог-инфекционист, жүрөгү кең жана түгөнгүс энергиясы бар, дайыма жардамга даяр турган адам болгон. Элесиңиз эсибизде кала берет. Эсибиздесиз, жакшы көрөбүз, кайгырабыз», — деп жазышат маркумдун Medcenter.kg медборборундагы кесиптештери.

Мусаева жогорку категориядагы врач, саламаттык сактоонун отличниги, Боорду изилдөө боюнча Европа ассоциациясынын мүчөсү болгон.

Ал медицинадагы карьерасын Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада интернатурадан өтүү менен баштаган.

1986-жылдан тарта врач-реаниматолог, 1993-жылдан азыркы учурга чейин РКИОнун гепатологиялык бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Аны менен кошо Medcenter.kg медициналык борбордо бейтаптарды кабыл алып келген.

Врачтар учурда катталып аткан «белгисиз пневмония» — бул COVID-19дун оор өткөн формасы экенин бир нече жолу айтышкан. Анткени бул пневмониянын чыгышын коронавирус шарттайт. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктургандар менен пневмония болуп ооругандарды эки башка эсепке жүргүзүүдө.

Коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сом компенсация каралган. Бирок азырынча ССМ 41 медкызматкерге жана каза болгон медиктердин эки үй-бүлөсүнө гана компенсация берилгенин маалымдаган.