Ошто укук коргоочунун унаасын талкалап кетишти. Окуяда «ЭМАКОМДУН» аты аталды

«Интербилим» эл аралык борборунун Ош филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева анын унаасын талкалоо менен ага коркутуулар болуп жатканын айтууда. Мамасалиева 13-июлда фейсбук баракчасына унаасынын арткы терезеси сынганы тартылган сүрөттөр менен бөлүштү.

«Дагы бир жолу уруу! Коркутуп, оозду жабууга аракеттенишүүдө! Бул жолкусунда, бүгүн айнекти сындырышты! Төрт ай мурун, февраль айында арыкка түртүшкөн! Эки жума мурун эле сүзүп кетишкен, мына эми бүгүнкү көрүнүш! Кокустукпу? Менимче жок!» — деп жазды ал.

Укук коргоочу «Клоопко» анын унаасын жумушунун алдынан талкалап кетишкенин билдирди. Ошондой эле окуядан соң милицияга жазган арызы боюнча тергөө иштери «начар жүрүп жатат» деп белгиледи.

Ал эми Ош ШИИБинен Мамасалиеванын арызы боюнча «бир нече божомолдор менен иликтөө иштери жүрүп жатат» деп гана жооп беришти.

Укук коргоочу буга чейинки окуялардын бири боюнча шаардык милицияга 3-июлда арыз жазган — анда Ош ШИИБинин кызматкерлери унааны сүзүп кеткен кишини таап, ал автомобилди оңдотуп берген.

«Биринчи жолкусунда, кышында эч жака арызданган эмесмин. Ал эми экинчи жолкусунда арыз жазсам, сүзүп кеткен кишини табышты. Мен аны жөнөкөй эле жаран деп ойлогом. “Эжем ооруп, шашып бара жатып уруп алдым” деп сурангандыктан, тосмо арыз жазып берип койгом. Андан кийин сураштырып, анын МАИ кызматкери экенин билдим», — деди Мамасалиева.

Ишмердүүлүккө байланышкан коркутуулар

Мамасалиева болуп жаткан окуяларды коркутуу деп эсептеп, аны өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

«Менин оюмча “ЭМАКОМ” курулуш компаниясынын балдары мени коркутууга аракеттенип жатышат. Себеби бир канча жылдан бери мыйзамсыз курулуштар боюнча айтып келе жатам», — деди ал.

Ошондой эле Мамасалиева, акыркы убактарда бийликти коронавирус пандемиясына карата жакшы аракет жүргүзбөй жатканы үчүн сыңдап келгенин, ошондуктан бийликтен да шек санап жатканын айтты.

«ЭМАКОМ» курулуш компаниясынан бул маселе боюнча макала чыгаар алдында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Сулайман-Тоону тоскон «ЭМАКОМ»

2008-жылы Ош шаарындагы Ленин көчөсү 351 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу үй 6,5 баллдык жер титирөөдө жабыркап, «авариялык абалда» деп табылган. Кийинчерек анда жашаган 40 үй-бүлө менен «ЭМАКОМ» келишим түзүп, компания көп кабаттуу кабаттуу турак жай сала баштаган. Бирок шаардык архитектура башкармалыгы да, экотехинспекция да курулуш иштери уруксатсыз башталганын билдиришкен.

Укук коргоочу дал ушул көп кабаттуу турак-жайдын «мыйзамсыздыгы» боюнча маселе көтөрүп келет. Себеби курулуш шаардагы Сулайман-Тоосун тосуп калганыдыктан, ал дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн.

Аталган компания курулушту баштоого чейин маданият министрлигинин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз реставрация институтунан курулуштун бийиктиги боюнча корутунду алышы керек болчу. Бирок компаниянын юристи Алмазбек Дыйканбаевдин айтымында, министрлик да, институт да белгилүү бир бийиктикти бекитип беришкен эмес.

Ош шаардык прокуратурасы 2018-жылдын 31-декабрында «ЭМАКОМ» компаниясынын жетекчисине каршы «өзүм билемдик» беренеси менен иш козгогон. Мындан тышкары прокуратура компанияны курулушту улантып жатканы үчүн да сотко берген.

«ЭМАКОМ» компаниясынын юристи Алмазбек Дыйканбаев «Клоопко» иш облустук сотто жарандык тартипте каралып жатканын кабарлаган. Ошондой эле, «өзүм билемдик» беренеси боюнча компания 60 миң сом айыппул төлөгөнүн, ал эми курулуш мыйзамдуу, же мыйзамсыз деп табыла электигин билдирген. Соттук териштирүүлөр учурунда турак жай курулуп калган.

«Клооптун» журналисттери компанияга байланыштуу иш кайсы баскычта каралып жатканын билүү үчүн шаардык прокуратурага сурам жөнөтүшкөн. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында прокуратура «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөгү» мыйзамынын «Маалыматка алууга болгон чектөөлөр» беренесине таянып маалымат берилбейт деген жооп узаткан.

Мамасалиева жана шаардын бир катар жарандык активисттери 8-июнда «Президент, үнүбүздү угуп коюңуз» акциясын уюштурушуп, шаардын борбордук аянтында иш сапары менен келчү президент Сооронбай Жээнбековдон аларды кабыл алуусун өтүнүшкөн.

Жээнбеков эки күндөн кийин Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен келип, анын алкагында Ош окуясынын 10 жылдыгын эскерүү иш чарасына катыштып, андан соң калаа башчысы менен биргеликте активисттер менен жолуккан. Анда укук коргоочу айткан курулуш компаниясы боюнча маселени угуп, «ЭМАКОМдун» артында ким тураарына да кызыккан.