Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбеков

Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбеков 700 миң сомго жаңы кызматтык машина алуудан баш тартты. Бул каражат күндүзгү стационарга дары-дармек алууга жана медиктердин тамак-ашына жумшаларын мэр өзү 24.kg маалымат агенттигине билдирген.

Калаа башчысынын айтымында, учурдагы «Мерседес-Бенц 320» 1995-жылы өндүрүштөн чыккандыктан техникалык абалы аябай эле эскирип калган. Ошого карабастан ал шаардык кеңештин 14-июлдагы чукул жыйынында автоунаа сатып алуудан баш тартууну сунуштаган. Аны шаардык депутаттар колдоого алган.

Талас шаарына ачылган күндүзгү стационар.

Мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Жээнбеков «Клоопко» аталган маалыматты тастыктады.

«Шаардын бюджетинен кызматтык унаа алуу үчүн 700 миң сом каралган. Дал ушундай машина алабыз деген да план жок болчу» — деди ал.

Талас облусунда 15-июлга алынган акыркы маалыматтар боюнча 96 кишиден коронавирус табылган.

Кыргызстандык бардык аймактарында оорулууларды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационарлар ачылууда. Себеби, ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга жетишпей жатат. Андан сырткары аларды жаткыра турчу жерлер дагы жок.

Өлкө боюнча 15-июлга карата COVID-19 вирусу 11 977 кишиге жукту. Анын 3 660ы ооруканадан айыгып чыккан. Стационарда 645 киши дарыланып жатса, алардын 18и реанимацияда. Коронавирус катталгандан бери 160 киши өмүрү менен кош айтышты. Ошол эле маалда пневмониядан март айынан бери 571 адам каза болду.