ССМ: Хижаманы дарыгерлер сунуштабайт, ал медициналык жактан тастыкталган эмес

Айнура Акматова

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 16-июлдагы брифингде COVID-19ду же ооруканадан тышкаркы пневмония оорусун дарылоодо хижама ыкмасы медициналык жактан тастыкталбаганын билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар хижама ыкмасын колдонууда кан аркылуу жугуучу [гепатит оорулары] башка ооруларга кабылып калышы мүмкүн экенин белгиледи.

«Хижама ыкмасы менен COVID-19ду же ооруканадан тышкаркы пневмония оорусун дарылоо боюнча социалдык тармактарда таркап жүргөн видеотасмада 6-8 күндөн кийин бейтаптын дене табы түшүп сакайып атышат деп айтып атышат. Негизи 6-8 күндө бейтаптын организми оору менен өзү күрөшүп, дене табы өзүнөн-өзү түшө баштайт», — дейт Акматова.

Ошондой эле Акматова «медициналык кызматкерлер да хижама ыкмасын туура көрүп жатышат» деген маалымат чындыкка дал келбесин кошумчалады. Анын айтымында, хижама ыкмасы медициналык жактан лицензияланган эмес жана клиникалык токтомдордо бекитилген эмес.

Буга чейин социалдык тармактарда жарандык активисттер Тынчтыкбек Алтымышев, Алмазбек Раимбеков жана ырчы Курал Чокоев тартылган видеотасма тараган. Анда активисттер хижама ыкмасы коронавирус менен пневмонияны дарылоодо «эффективдүү» ыкма экендигин белгилешкен.

«Кошунамын өпкөсүнүн 48%ы жабыркап калган экен. Аны алпардык хижамага. 20дан ашуун адамга эксперимент кылып көрдүк, баары жакшы болуп кетишти. Андан кийин дары бирөө суранды, анын да өпкөсүнүн 50% жабыркаптыр. Ал бүгүн томографияга түштү эле таптаза чыкты», — деген активист Алмазбек Раимбеков видеотасмада.

Хижама — организмден «кан алдыруу» боюнча мусулманчылыкта колдонулуп келген ыкма. Исламда аталган ыкма пайгамбардын сүннөтү катары белгилүү. Бирок медицина хижаманын касиетин тастыктай элек.

16-июлга карата өлкө боюнча коронавирус 12 498 кишиден аныкталды. Анын ичинен 3 735и айыгып, COVID-19дан каза болгондордун саны 167ге жетти. Коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да өстү. Март айынан бери пневмония 612 адамдын өмүрүн алды, 3797 адам айыкты.

Пневмония менен коронавирус жуктуруп алгандардын статистикасы ар башка эсептелүүдө. Муну Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө пневмонияга чалдыккандардан COVID-19 аныкталбагандыгы менен түшүндүрүп келет.

Анткен менен өкмөт башчысы Кубатбек Боронов жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын айткан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев өкмөт статистикаларды ар башка санап жатканын медкызматкерлерге төлөнчү компенсация менен байланыштырат.