Экс-депутат Насыр Мусаев көз жумду

«Кыргызстан» партиясы мурдагы депутат Насыр Мусаев дүйнө салганын кабарлады. Мусаев 62 жашта болчу.

Маркум парламентке Жогорку Кеңештин депутаты, партиялашы Жыргалбек Калмаматов каза болгондон кийин келген. Бирок бир жылдай депутат болгон соң 2019-жылы ден соолугуна байланыштуу мандатын тапшырууга аргасыз болгон.

Саясатка Мусаев 2000-жылы келген. Ошол кезде Чүй облустук кеңешине депутат болуп шайланган. Андан кийин Токмок шаардык кеңешинде депутаттык кызматты аркалаган.

Саясатка баш бакканга чейин ал туризмди өнүктүрүү менен алектенген. «Интур-Азия» жана «Жетиген» турфирмаларын башкарган. 2013-жылга чейин Кыргызстандагы дунгандардын ассоциациясынын вице-президенти болгон.

Мусаев 1958-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Чүй университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Анын артында жубайы жана беш баласы калды.