Кой-Ташта пакистандын бир нече студенти сабалды. Милиция шектүүлөрдү кармады

Социалдык тармактарда 20-июлда бир нече агрессивдүү маанайдагы кишилер пакистандык студенттерге кол көтөргөн тасма тарады. Окуя Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы «Теплые ключи» эс алуучу жайында болгон.

Видеодогу кишилердин бири чет өлкөлүккө «жүр бул жакка» деп тартып кеткен. Экинчи киши дагы бир студентти сабоого аракет жасап, тасманын авторуна «Эмнеге тартып жатасың?» деген. Натыйжада жабырлануучулардын биринде эпилепсиясы башталган. Чогулгандар аны куткарууга аракет жасашкан.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Пакистандын беш жараны 19-июлда саат 23:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБге арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулар аларды эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш адамдар себепсиз сабаганын билдиришкен.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. кармалды», — деп билдирди ИИМдин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева.

Милиция бул окуяны «Ээнбаштык» беренеси менен КЖБРда каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Сабалган студенттердин бири. Сүрөт: «24.kg» басылмасы

Жардам бергиси келген пакистандык медик-студент

Сабалган студенттердин арасында Бишкекке Пакистандан медициналык билим алуу үчүн келген 22-жаштагы Аббас Саид да бар. Бир апта мурун ал кайрылуу жасап, кыргызстандык медиктерге акысыз жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

«Кыргызстанда дарыгерлер аздыгын мен билем. Коронавирустун кырдаалы көзөмөлдөн чыгып баштады. Эгерде өкмөт дарыгерлер менен иштөөгө мага уруксат берсе, мен муну акысыз кылууга даярмын. Кыргызстан менин экинчи мекеним. Мен мындай татаал кырдаалда адамдарга жардам бергим келет. Эгерде бийлик мага [жардам берүүгө] уруксат берсе, мен аларга ыраазы болом», — деп айткан Аббас Саид «24.kg» басылмасына.


Кийинчерээк Бишкек шаардык мэриясы Саид №95 орто мектебинде түзүлгөн күндүзгү стационарда иштеп баштаганын 15-июлда билдирген.