Пневмониядан парламенттин экс-депутаты Роза Абдраимова кайтыш болду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Роза Абдраимова 22-июлда пневмониядан каза тапты. Ал 63 жашта болгон.

Абдраимова педагогикалык илимдердин доктору, Орус Федерациясынын Социалдык жана гуманитардык илимдер академиясынын академиги жана профессору, ошондой эле «Билим берүүнүн отличниги» наамынын ээси болгон.

«Көптөгөн сыйлыктарга татыган, эмгек сиңирген илимий ишмер, жөнөкөй камкор эне, жубай жана апа...Роза Асановна чыгаан аял болгон, күчтүү мүнөздүүлүгү, жоопкерчилиги, талапты койгондугу, жогорку адискөйлүгү, патриоттуулугу жана адилеттүүлүгү менен айырмаланып турчу. Анын илимий эмгектеринин тизмегинде жети окуу куралдары, 60тан ашуун макала бар», — деп айтылат маркумдун жакындарынын кабарында.

Абдраимова «мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси» класстык чинине ээ болуп, ардак грамоталарды алган. Ал билим берүүнүн сапатын бийик баалап, кыргыз элинин руханий маданиятынын келип чыгышы тууралуу, кыргыз этнопедагогика жана балдарды тарбиялоо жөнүндө, Кыргызстандын Конституциясындагы демократиянын принциптери жана тышкы саясаты тууралуу жазган.