COVID-19дан дагы 42 бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы 42 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб 24-июлда билдирди.

Коронавирустан каза болгондордун бирөө Жалал-Абад облусунда катталды. Ошондой эле, Ош жана Бишкек шаарларында тогуздан, Ош жана Талас облустарынан үчтөн, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан төрттөн жана Чүй облусунан тогуз бейтап кайтыш болду.

Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган. Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 211 киши көз жумду — алардын арасында расмий түрдө 29 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 31 247ге жетти — өткөн суткада жаңы 921 учур катталды. Жалпысынан 18 038 киши илдеттен сакайды.