Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айгүл Бообекова коронавирус пандемиясы башталгандан бери 22-июлга карата 29 медкызматкер каза болгонун, анын 20сы врач экенин билдирди.

Бирок ал медиктердин канчасы коронавирустан жана канчасы ооруканадан тышкаркы пневмониядан каза болгонун тактаган жок. Кыргыз өкмөтү пневмонияны коронавирус пайда кылып жатканын моюндап, эки оорунун статистикасы бириктирилип санала баштаган.

Бообекова андан сырткары бүгүнкү күнү өлкөдө 13 миңден ашык дарыгер болсо, анын 9 миңден ашыгы коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн тартылганын белгиледи. Алардын 67 пайызы такай жумушта, 15 пайызы жумушка убактылуу жөндөмсүз, башкача айтканда ооруп жатат. Ал эми медициналык кызматкерлердин 12 пайызы риск тобуна киргендиктен айрымдары аралыктан иштешсе, кээси жөн гана үйүндө.

Ал андан сырткары Кыргызстанда коронавирус илдети пайда болгонго чейин эле саламаттык сактоо системасынын 3 миңден ашык дарыгерге муктаждыгы бар экенин айтты. Оору өлкөнү каптаганда медиктердин тартыштыгы эселеп көбөйгөн.

«Азыр медиктердин айрымдары ооруп, кээси риск тобунда болгондуктан медиктер катастрофалык түрдө жетишпей жатат. Бизге албетте ыктыярчылар чоң жардам берип жатышат», — деди Бообекова.

Ал ошондой эле, ооругандар менен биринчилерден болуп медиктер бетме-бет келгендиктен алар стресс болуп, иммунитети алсырап, коронавирустун жугуу ыктымалдуулугу артып жатканын кошумчалады. Андыктан медкызматкерлерди эс алдыруу жагы колго алынып жатат.

21-июлда 10 медиктен турган алгачкы топ Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Жакын арада жалпысынан миңден ашык медициналык кызматкердин эс алуусун уюштуруу каралган. Бообекованын маалыматы боюнча анын ичинен 400у Бишкек шаарына туура келет.

«Азыр өлкөнүн түштүгүндө - Ош, Жалал-Абад жана Баткенде иштеп жаткан медиктерди эс алдыруу жагын карап жатабыз. Аларды Жалал-Абаддагы курорттук аймакка жана Ысык-Көлгө жиберүү жагы каралып жатат», — деди ал.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, коронавирустун алдын алуу жана андан арылуу үчүн иштеп жатып илдет жуктурган медиктерге 200 миң сом компенсация төлөнөт. Ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилет. Бирок компенсация төлөөнүн алдында министрликтин алдындагы атайын комиссия ар бир учурду дыкат карап чыгат.

Саламаттык сактоо министрлиги азырынча оору жуктурган 41 медкызматкерге жана каза болгон эки медиктин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп бергени маалым. Мындан сырткары дагы 40 медикке кун төлөп берүү маселеси каралып жатат.

«Компенсация боюнча комиссия иштеп жатат. Арыздар түшүп жатат, комиссия жыйындарын өткөрүп жатат. Бул аракеттер бир аз жай жүрүүдө. Бул жерде дагы ошону карай турчулар ооруп жатат. Бир дагы дарыгер көңүл сыртында калбайт, ар бир учур каралат», — деп түшүндүрдү Бообекова.

22-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 478 учур катталды, алардын ичинен 1 091 медкызматкер сакайды.