Экс-консул Эркин Сопоковго 300 миң айып салынып, бошотулду. Ал тергөө менен кызматташууга барды

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковго 300 миң айыппул салды. Ал сот залында бошотулду. Соттук отурумда прокурор Сопоков тергөө менен келишим түзгөнүн белгиледи.

*Июнь айынын башында Эркин Сопоков УКМКга сурак берип жатып кытайлык ишкер Айэркен Саймаити бажыдагы коррупция тууралуу иликтеген журналист Али Токтакуновго 100 миң доллар төлөгөн деп айтканы ачыкталды. Бирок атайын кызмат буга байланыштуу далилдерди көрсөтө алган жок. Журналист Али Токтакунов болсо Саймаитиден «бир дагы цент албаганын» билдирген.

Сопоков «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин үч эпизоду боюнча күнөлүү деп табылды.

Ал Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине таандык унааларды бир нече жаранга ижарага берген — алардын бири «Бета Сторес» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы. Аталган унаалар мыйзамсыз сатып алынганы да белгилүү болуп, алардын бири Интерпол тарабынан издөөгө салынганы ачыкталды.

Ошондой эле мурдагы башкы консул унаалардын бирин — дипломатиялык номуру тагылган кара «Рэйндж Роверди» — өзүнүн таанышы, Кыргызстанда издөөгө салынган кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге убактылуу пайдаланууга берген. Саймаити 10-ноябрда аталган унаада Стамбулдагы кафелердин бирине келип, киши колдуу болгон.

Эркин Сопоков (сол жактан биринчи) жана Айэркен Саймаити (сол жактан үчүнчү)

Сот Сопоков Түркияда башкы консул болуп жүргөн кезинде мамлекеттик бюджеттеги каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган деп тапты. Ал иштебей туруп маяна алып жүргөн, ошондой эле жеке чыгымдары үчүн өкүлчүлүктөн каражат алганы ачыкталды.

Мындан сырткары Сопоковдун аялы Стамбулда 2 жыл жашаганы үчүн экс-консул 30 пайыздык кошумча компенсация алган. Бирок иш жүзүндө аталган убакыт аралыгында анын аялы Түркияда болгону 55 күн жүргөн.

Сот Сопоков жалпысынан мамлекетке 31 миң АКШ доллардан ашуун зыян келтиргенин аныктап, ар үч эпизод боюнча 260 миңден айыппул салды. Бирок кылмыштын жыйындысы боюнча штраф кыскарып жатып Сопоков мамлекетке 300 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми мурдагы башкы консул коюлган айыптарды толугу менен мойнуна алган.

Буга чейин Жогорку сот Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Саймаитиге 2014-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз берген паспорт бөлүмүнүн кызматкерин жазадан бошоткон. Буга кылмыш жасалган убактан бери беш жылдан ашык убакыт өтүп кеткени себеп болду. Мыйзамга ылайык, мындай кылмыштардын эскирүү мөөнөтү үч жылды түзөт.

Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү

Кытайлык ишкер Саймаити журналисттеринин маалымдоочусу болгон. Саймаити журналисттерге Борбор Азияда таанымал болгон Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнө таандык көмүскө акчаларды адалдап берип жүргөнүн айтып берген. Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.

Ал журналисттерге бул операцияларга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болгонун айтып берген. Саймаити Матраимов Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүн шарттаган бажыдагы коррупцияны колдоп турганын билдирген.

Курьерлер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын Кыргызстан аркылуу эч тоскоолдуксуз «чыгарып», андан кийин Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму акчалардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө караштуу «Исмаил Матраимов» фондуна которуп турушкан.

Кийинчерээк Саймаити Түркиянын Стамбул шаарындагы кафелердин биринде киши колдуу болгон. Ошол күнү Саймаити ал жерге Сопоковго таандык болгон унаада келген. Кийинчерээк активисттер Сопоков менен Саймаити тааныш экенин чогуу түшкөн сүрөттөрү аркылуу далилдеп беришкен.

Ишкердин өлүмүнө кармалган шектүүлөрдүн айтымында, «Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланган». Ал эми Сопоков бул окуянын эртеси күнү кызматынан алынып, ага карата үч кылмыш иши козголуп, ал үй камагына алынган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарыяланган журналисттик иликтөө жана Саймаитинин өлтүрүүсү боюнча тергөөнү баштап, биринчилерден болуп Сопоковду суракка чакырган. Кийинчерээк УКМКга бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Дүйшөн Төрөкуловду суракка чакырган.

Мындан сырткары мекеме экс-депутат Ширин Айтматова, «Азаттыктын» журналисттерини Али (Мухаммедали) Токтакунов жана Ыдырыс Исаков, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовду да тергөөнүн алкагында чакырмакчы.

Жогорку Кеңеш Айэркен Саймаитинин киши колдуу болуп өлтүрүлүшүн изилдөө боюнча депутаттык комиссияны түзгөн. Комиссия жарым жылдан ашуун убакытта жайгдайларды изилдеп, көмүскө акчалар Кыргызстан аркылуу адалдаштырылганына «Матраимовдордун тиешеси жок» деген жыйынтыкка келишкен.