Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды

Райымбек Матраимов УКМКнын алдында. Сүрөт: Акипресс

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду күбө катары суракка чакырды. Сурак кытайлык бизнесмен Айэркен Саймаитинин Стамбулда өлтүрүлүшүнүн иликтөөнүн алкагында жүргүзүлүп жатат.

Саймаити бажыдагы аткезчилик жана коррупция боюнча журналисттик иликтөөнүн маалыматчысы болуп, Райымбек Матраимов менен кантип иштешкендиги тууралуу айтып берген.

«Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган баардык жагдайлар боюнча суралат», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Матраимовдун Абдукадыр кланы менен байланышы тууралуу иликтөө

OCCRP, «Азаттык» радиосу жанан «Клооп» «Жибек жолундагы коррупция жана аткезчилик» деген аталышта журналисттик иликтөө чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Кыргызстандагы таасирлүү Матраимовдор кланы менен кандай байланышы бар экендиги тууралуу айтып беришкен. Журналисттерге маалыматчы болгон Айэркен Саймаити Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткендигин мойнуна алып, коррупциялык схема мурда бажы башчысынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөнүн билдирген.

Иликтөө коррупцияга каршы акциянын чыгышын шарттаган. Иликтөөнүн маалыматчысы журналисттердин материалы чыкканга чейин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Саймаитинин өлтүрүлүшү фактысына байланыштуу кылмыш иши козголуп, төрт шектүү кармалып, экс-консул Эркин Сопоков суракка алынган. Сопоков консулдук автоунааны Саймаитиге пайдаланууга бергендиги үчүн «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» айыпталып кармалган.

Тексттин үстүндө иштегендер: Айдай Иргебаева, Камила Баймуратова