Саймаити өлтүрүлгөн жердеги унаанын номерлери Кыргызстандын башкы консулуна таандык — ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден эвакуацияланган «Рейндж Ровер» автоунаасындагы номерлер Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулуна таандык экенин ырастады.

Бирок, ТИМдин билдиришинче, башкы консул Эркин Сопоков ал унааны октябрдын аягынан бери колдонгон эмес.

Министрликтин өкүлү «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, Сопоков «Рейндж Роверди» «Рамадан Туризм» автосалонуна сатыкка берген, бирок консул унаадагы дипломаттык номерлерди чечип калбай, ошону менен «процедураларды бузган».

Ведомство Сопоковдун «Рейндж Ровери» Саймаитини өлтүрүп кетишкен жерде кантип пайда болуп калганын түшүндүрүп бере алышкан жок.

Түркиянын «Хүрриет» гезити буга чейин маалымдагандай, бул автоунаанын ачкычы Саймаитинин чөнтөгүндө болгон.

Саймаитинин өлүмүнөн эки күн өткөндөн кийин, 12-ноябрь күнү Сопоков башкы консул кызматынан бошотулган.

Мейманкананын кафесиндеги адам өлтүрүү

Айэркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдагы отелдердин бириндеги кафеде белгисиз адам атып кеткен. Бизнесмен алган жаракаттарынан ооруканада каза тапкан.

Саймаити өлтүрүлгөн жер. Сүрөт: «Хюрриет» басылмасы

Түркиянын полициясы ишкерди өлтүрүүгө шектүү үч адамды кармаган — экөөсү Кыргызстандын, бирөөсү Сириянын жараны. Шектүүлөр суракта билдиришкендей, алар Саймаитини «мусулман эместиги үчүн» өлтүрүшкөн.

Саймаити «Азаттыктын» бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөсүнүн фигуранттарынын бири болгон.

Басылманын иликтөөсүнө ылайык, Матраимов 2011-2017-жылдары бажы кызматында иштеп жаткан учурда 700 млн доллардан ашуун акчанын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар болушу мүмкүн.

«Азаттыктын» журналисттери Саймаити жана анын «Абдыраз» компаниясы Матраимовго бул акчалардын үчтөн биринен көбүн — 250 млн долларга чукул каражатты — чыгарып кетүүгө жардам берген деп айтышкан.

Матраимов жана анын бир туугандары Кыргызстанда эң эле бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелинет.

Оппозиция менен жарандык активисттер Матраимовдун президент Сооронбай Жээнбековго жакындыгы тууралуу бир нече жолу айтып чыгышкан — муну менен өзгөчө, эмне үчүн укук коргоо органдары «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин Матраимовдун мүлкүн адаттагыдан узак убакыт текшерип жатканы түшүрдүрүлгөн.

Президент өзү дайыма Матраимов менен байланышын четке кагып келет — Жээнбеков журналисттер менен болгон акыркы жолугушуусунда бажы башчысынын мурдагы орун басары менен байланышы тууралуу «фактыларды келтирүүнү» суранган.

ТЕМА БОЮНЧА: