Кыргызстанда коронавирустун жаңы 877 учуру катталды

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Республикалык штабдан кабарлашкандай, 25-июлда коронавирустун жаңы 877 учуру катталды. COVID-19га чалдыккандардын 53ү медкызмактер.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 257;

Ысык-Көл облусу — 122;

Ош облусу — 119;

Жалал-Абад облусу — 91;

Талас облусу — 79;

Чүй облусу — 71;

Ош шаары — 60;

Баткен облусу — 58;

Нарын облусу — 20.

Ошентип жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 32 124кө жетти. Илдеттен 19 203 бейтап айыгып, 1249 киши каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.