Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 27-июлда COVID-19дун жаңы 483 учуру катталганын маалымдады — алардын 154ү Бишкек шаарында аныкталды.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунда — 72, Жалал-Абад облусунда — 70, Ош шаарында — 59, Ош облусунда — 39, Баткен облусунда — 32, Талас облусунда — 27, Чүй облусунда — 21 жана Нарын облусунда — тогуз адам коронавируска чалдыкты. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 22 медкызматкер бар.
Мындан сырткары өткөн сутка ичинде COVID-19 жуктурган 817 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды — алардын 60ы медкызматкер.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 33 296га жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 2683 медкызматкер бар.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 10 801 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 4722 кишиде COVID-19 лабораториялык тастыкталган.