«Биз барбыз» кыймылынын ыктыярчылары Матраимовдордун фондун плагиатчылыкка айыптады

«Биз барбыз» кыймылынын ыктыярчылары Исмаил Матраимов атындагы фонд алардын ураанын өзүнүн баннерлеринде колдонгону тууралуу билдиришти. Эки уюм тең кайрымдуулук иштерди жасашат, ошондой эле коронавирус пандемиясынан жабыркагандарга жана ооруп калгандарга жардам беришет.

Ыктыярчылык кыймылдын башчысы Урмат Насыкулов микроблогунда жакында эле Бишкекте пайда болгон Матраимовдордун фондунун баннерлерин сынга алды.

«Биз барбыз» кыймылы твиттердеги расмий аккаунту аркылуу Матраимовдордун фондуна эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

Насыкулов Kaktus.mediага «аталган жагдайда кандайдыр бир нерсеге жетишүү кыйын болоорун», себеп дегенде кыймылдын аталышы юридикалык каттоодон өтпөгөнүн айтып берди.

«Алар адепсиз иш кылышты деп эсептейбиз. Биз марттан бери муктаж болгондорго жардам берип жатабыз, эл бизди таанып калды. Менин билишимче, фонд мындан башка ураандар менен дагы баннерлерди орноткон. “Биз барбыз” — алардын бири гана», — деди ал.

Активисттин пикири боюнча, Матраимовдордун фонду башка сөздөрдү колдоно алмак, себеп дегенде «Биз барбыз» кыймылы жөнүндө билген.

«Биз ушундай баннерлерге акча коротмок эмеспиз, биз бул акчага муктаж болгон көп адамдарга жардам бермекпиз», — деп билдирген Насыкулов Kaktus.mediaга.

«Бул врачтардын сөзү»

Исмаил Матраимов фондусунун атынан Элнура Алканова «Клоопко» «Биз барбыз» деген сөз — бул «Риксон» отелиндеги убактылуу стационарда иштеген медиктердин «учурда оор сыноодон өтүп жаткан» бейтаптарына карата кайрылуусу болчу деп билдирди. Стационар фонд тарабынан пневмониясы оор өтүп аткан бейтаптарды дарылоо үчүн 5-июлда ачылган.

«Бул цитатада врачтар качып, жашынып алышкан жок деген ой камтылган. Алар [ишке] чыгышты, инфекция жугузуп алуудан коркушкан жок. [...] Өлкөгө психологиялык колдоо керек. Ошондуктан аларга колдоо көрсөтүп, элге кайрылуу камтылган баннерлерди илип коюуну чечтик. “Мы есть”, “Мы вас не оставим”, “Биз барбыз”, “Сен вирусту жеңесиң!” жана башка дагы 20 цитата, ураандар жазылган баннерлер бар», — деп билдирди фонддун өкүлү.

Ошондой эле, Алканова Насыкуловдун плагиатчылыкка айыптоосун «ойлонулбаган жорук» деп билдирди.

«“Биз барбыз” сөз айкашы бир адамдын же бир да уюмдун жеке менчиги болуп эсептелбейт. Аны эч ким патенттеген эмес. Бул кыргыз тилиндеги сөз, бул сөздөрдү, анда камтылган маанини каалаган адам колдоно алат», — деди ал.

Алканованын маалыматы боюнча, Юстиция министрлигинин базасында Бактыбек Калмаматовдун «Биз барбыз» аттуу кайрымдуулук уюму ыктыярчылык кыймыл түзүлгөнгө чейин катталган.

«Бирок ушундай акылсыз талаш жасап, жагдайды өз айланасында саясатташтыруу эч кимдин оюна келе элек болчу. Азыр бардыгы калкка жардам көрсөтүп жүрөт, бири-бирин колдоп, өз саламатыгына кам көрүп жүрүшөт», — деп жыйынтыктады Алканова.

Матраимовдор фондунун коронавируска каршы күрөшү

Депутат Искендер Матраимов менен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атын алган «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду 2020-жылдын 21-мартынан тартка пандемиядан жабыркагандарга жардам бере баштаган.

Ошол убактан бери фонддун өкүлдөрү аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратып, Саламаттык сактоо министрлигине беткап, коргонуу каражаттары жана экспресс-тесттерди берип, ошондой эле COVID-19га каршы күрөшүү үчүн акча которушкан.

Кийинчерээк Матраимовдордун үй-бүлөсү коронавирус менен ооругандарды кабыл алуу үчүн бир нече убактылуу стационарларды ачып, пневмонияны аныктоо үчүн Ош шаарына портативдик рентген жана ИВЛ аппараттарын алып келген.

Фонд 18-июлда Ош шаарында жана Ош облусунда ыктыярчылардын тобу иштеп баштаганын билдирген. Алар ооруп жаткандарга кычкылтек концентраторлорун алып барып жардам берет.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмониянын 33 296 учуру катталып, алардын ичинен 21 205 бейтап айыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча 27-июлга карата пневмония менен коронавирустан 1 301 бейтап каза тапкан.

ТЕМА БОЮНЧА: Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору