Сүрөт Искендер Матраимовдун баракчасынан алынды

«Исмаил Матраимов» фонду Ош облусунун жашоочуларын пневмонияга текшерүү үчүн портативдик рентген сатып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.

«Биз, Матраимов фондунун жамааты, элибизге рентген аппаратынын зарылчылыгы бар экенин көрүп, эң акыркы үлгүдөгү портативдик рентген жабдыгын сатып алдык. Себеби, алыскы аймактардагы бейтаптар шаарга келип, убара болушууда. Бул жабдыктын жардамы менен аймактарга врачтар менен бирге өзүбүз барып, бейтаптарды акысыз текшерип, анализин чыгарып беребиз», — деп жазган ал.

Эл өкүлү фейсбукта жарыялаган тасмадагы дарыгер бул рентген жарым сааттын ичинде ондон ашуун кишинин өпкөсүн тартууга жетишти деп ишендирет.

«Өзүбүз дагы ушул аппаратка түшүп, өзүбүздүн өпкөбүздү көрдүк. Сапаты өтө жакшы экен. Санарип рентген болгон үчүн адамдарды массалык түрдө тартса болот экен», — деди дарыгер.

«Исмаил Матраимовдун» фондунан билдиришкендей, 21-июлдан тартып Poskom PXP 60-HF портативдик рентгени менен Москвадан атайын келген дарыгерлер аймактарга чыга башташат. Ошондой эле, аталган медиктер Ош облусттук оорукананын рентгенологдору менен кеңешип турушат.

*Poskom PXP 60-HF портативдик рентгени Түштүк Кореядан чыгарылат.

«Учурда бардык пульмонологдор шаарда иштеп жатышат. Биз учурда изоляцияда болгон пульмонологдор менен сүйлөшүп, алар бизге аралыктан жардам берүүгө макулдугун беришти. Пульмонологдорго өпкөнүн сүрөтү түшкөндө алар тиешелүү корутундусун жазып беришет», — деп түшүндүрүштү фонддон.

Ал эми рентгендин сүрөтү жана пульмонологдун корутундусу ар бир бейтаптын электрондук дарегине эки сааттын ичинде жиберилет. Бейтап аталган корутундуну дарыгерге көрсөтүп кеңешме алса болот деп кошумчалашты кайрымдуулук фонддон.

Портавтивдик рентген пневмонияны аныктайбы?

Ал эми министрликтин Ош облусу боюнча координаторунун орун басары Жыргалбек Кадыров портативдик рентген пневмонияны аныктай ала турганын, бирок Ошко келген жабдык тууралуу маалыматы жоктугун айтты. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова рентгендин сапатын текшерүү алардын компетенциясына кирбөөсүн билдирди.

Пульмонолог Сабира Тилекеева «Клоопко» билдиргендей, рентген пневмониянын башталышын көрсөтпөй коюшу мүмкүн. Дарыгердин айтымында, рентгенге оорунун симптомдору бар бейтаптар түшкөнү оң.

«Пневмониянын башталышы болсо айтыш кыйын, көрсөтпөй калышы мүмкүн. Андай учурда томография жакшыраак. Бирок пневмонияны аныктайт, болгону кээде баштапкы мезгили болот да, ошолор көрүнбөй калышы мүмкүн. Биз томографияга түшүрүүгө аракет кылып жатабыз», — деп түшүндүрдү Тилекеева.

Тилекееванын кесиптеши Акылай Маасаидова анын сөзүн жарым-жартылай тастыктады. Маасаидованын айтымында, томография өпкөнүн ар бир сантиметрин тартып, кененирээк маалымат бере алат. Бирок ошол эле учурда портативдик рентген кесипкөй жана тажрыйбалуу рентген-лаборанттын колунда жакшы жыйынтык көрсөтө ала турганын кошумчалады.

«Албетте томография жакшы болмок, бирок мыкты сапаттагы обзордук рентген да жакшы. [Poskom PXP] рентген аппарат катары нормалдуу, буга кошумча ал кореялык. Кореялык аппараттардын сапаты адатынча жакшы болот», — деп билдирди пульмонолог.

Материал жарык көрөөр алдында Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышып Матраимовдор сатып алган рентгендин сапаты боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

COVID-19 шарттаган пневмония

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанга жеткенден тарта ооруканадан тышкаркы пневмониядан улам каза болгондордун саны да кескин өстү. Эгерде үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында пневмониядан 277 киши көз жумса, 2020-жылдын 16-июлуна карата кайтыш болгондордун саны 612ге жеткен.

Өкмөт ооруканадан сырткары пневмонияны COVID-19 пайда кыла турганын моюндап, 17-июлдан баштап COVID-19 жана пневмониянын статистикасын бириктирген. COVID-19 тастыкталбаган, бирок пневмонияга чалдыккан бейтаптар клиникалык-эпидемиологиялык коронавирус деп катталып баштады.

Коңшу Казакстанда да ооруканадан тышкаркы пневмония кескин жайылууда. Казакстандагы окуяга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал боюнча программасынын аткаруучу директору Майкл Райан түшүндүрмө берди.

Ал пневмониядан кайтыш болгон адамдардан коронавирус тастыкталбай жатканын туура эмес тестирлөө болушу мүмкүн деп божомолдогон.

«ДСУ казак бийлиги менен биргеликте пневмонияга чалдыккан бейтаптардын рентген-сүрөтүн изилдеп жатат. Уюм жалган маалымат берүүчү тесттер жок болушуна ынаныш үчүн жасалган тесттер менен тестирлөөнүн сапатын текшерет», — деген Райан.

Матраимовдордун экспресс-тесттери

Буга чейин Матраимовдордун фонду Саламаттык сактоо министригине коронавирус аныктоочу 15 миң экспресс-тест тапшырган. Көп өтпөй бул тесттердин сапаты соцтармактын колдонуучуларында шек жараткан.

Экспресс-тесттерди өндүрүүчү «Hangzhou Junyi Technology Co. Ltd» компаниясы организмдеги шишикти аныктоочу жана канды текшерчү тесттерди да иштеп чыгарат. Социалдык тармактын колдонуучулары коронавирусту аныктаган тесттердин сапаты боюнча маалымат берүүнү талап кылышкан

Депутат Искендер Матраимов фейсбук баракчасында коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттин сапатын атайын түзүлгөн жумушчу топ «кылдат» текшергенин айткан. Мындан сырткары Матраимов ыкчам тесттерди бөлүштүрүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн кошумчалаган.

Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги «Исмаил Матраимов» атындагы фондго ыраазычылык билдирип, аталган тесттер «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан такстыкталганын» билдирген.

Бирок ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова уюм аталган ыкчам-тесттердин жыйынтыктары төмөн болуп жаткандыктан сунуштабаганын ачыктаган. Мындан сытркары ал Саламаттык сактоо министрлигинин ССМдин атынан «Исмаил Матраимов» фондуна жөнөтүлгөн кат жараксыз болгонун белгилеген.

Журналисттик иликтөө

«Исмаил Ата» кайрымдуулук фонду Матримовдордун атасынын урматына аталып коюлган фонд. Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирдүү фигуралардын бири болуп саналат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген.

Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, кыйтайлык ишкер Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн. Курьерлер тоскоолсуз Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Матраимов» фондуна которушкан.

Кененирээк иликтөө менен бул шилтеме аркылуу таанышып алсаңыз болот. Ошондой эле, аталган фонддун эсебине миллиондогон каражаттар кимдер тарабынан түшкөнү тууралуу да маалымат алсаңыз болот.