COVID-19: Сузактын тургундары башка бирөөнүн энесин жерге берип алышты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Жанар Жолдошбаев / «Азаттык»

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустан каза болгон аялдын жакындары анын сөөгүн өлүкканадан алмаштырып алып, башка маркумга жаназа окуп жерге беришкен. Сөөк алмашып кеткени билингенден кийин ал кайрадан казылып алынган. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды. Окуя бир апта мурун болгону кабарланды.

Маалыматка ылайык, райондун Таштак айылынын тургундары 54 жаштагы аялдын сөөгүн алып кетүү үчүн 24-июлда облустук оорукананын өлүкканасына барышкан. Туугандары маркумдун жүзүн көрүп тастыкташкандан кийин сөөктү алып кетишкен.

Эртеси күнү алар коронавирустан каза болгон Барпы айылынын тургунун жерге берип алышканы билинген. Сөөктү алып кетүүгө баргандардын арасында болгон Таштак айылынын имамы Шабдан Токоев жаңылыштык кетип калганын ырастап, бирок медиктерде күнөө жоктугун айткан.

«Өлүкканадагы кызматкер өлүктүн бетин ачып, 1,5 метрдей аралыкты сактоо менен көрүү керектигин айтышты. Уулу, бир тууган иниси, анан мен болдум. Мен деле тааныдым дегем. Атайын кийимдерди кийип алып кепинге ороп, ооруканадан түз эле жайына алып барганбыз. Жума күнү жерге бердик, ишемби күнү "өлүк алмашып калыптыр" дешти. Баарыбыз таң калдык», — деген ал.

Ал эки маркумдун жашы тең жана түспөлдөш болушканын кошумчалаган.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын патология бөлүмүн башчысы Жунусбек Ташболотовдун айтымында, Барпы айылынын тургундары жакынынын сөөгүн алып кетүү үчүн 25-июлда келишкен. Бирок маркумду өлүктөрдүн арасынан таба алышкан эмес.

«Таштак айылынын тургунунун сөөгүн жакындары өздөрү жууп алып кетүүнү суранышты. Атайын кийимдерди алып келишип, аялдын кызы, жакын эки аял кирип, сөөктү жууп чыгышкан. Мүрзө даяр болуп калганын айтышып, сөөктү тез эле алып кетишти. Эртеси барпылык аялдын жакындары өлүкканадагы сөөк алардыкы эмес экенин, колунда "Б" деген белгини таба алышпаганын айтып, ызы-чууга түшүп калышты», — деген Ташболотов.

Бул окуядан кийин жерге берилген сөөк кайрадан казылып өз туугандарына өткөрүлүп берилген. Ал эми Таштактын тургундары өлүкканадан өз энесинин сөөгүн алып кетишкен.

Ташболотов учурда ооруканада кырдаал курч экенине токтолгон. Анын айтымында, ошол күнү эле ооруканада 8 адам каза болгон.

Буга чейин Бишкек шаарында да мындай көрүнүш катталган. Ооруканада каза болгон тургундун жакындарына өлүктү таанууга уруксат беришпегендиктен, алар башка маркумдун сөөгүн көмүп алуусуна аз калган. Ооруканада кепинделип берген сөөктү туугандары үйдөн ачканда, анын башка бирөө экендигин аныкталган. Буга байланыштуу алар сөөктү кайрадан ооруканага жеткирип беришкен.

Бул окуя коомчулукка ачыкталгандан кийин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова аталган фактыны териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Коронавирустан каза болгондорду жерге берүү

COVID-19дан каза болгондорду жерге берүүнүн жол-жобосу тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрмө таратып, ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы фатва чыгарган.

Түшүндүрмөгө ылайык, маркумдун сөөгүн ары-бери жылдыруу жана ага карата ар кандай иш-аракеттерди азайтуу керек. Жаназага катышуучулардын ортосунда 2 метрге чейин социалдык аралык жана жеке гигиена сакталышы кажет.

Ошондой эле маркумардын сөөгү атайын адистештирилген транспорт менен ташылгандан кийин унаа дезинфекцияланышы керек.

Ал эми фатвада мусулман киши кайтыш болгондон кийин анын денесин жакын туугандары же, алар болбосо, «Кудайдан корккон жана ишеничтүү адамдар», жуусу керектиги жазылган.

Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.

Расмий маалыматка ылайык, Сузак районунуда 27-июлга карата коронавирустун 430 учуру катталып — анын 198и айыгып чыкты. Ал эми 7 адам илдеттен каза болду.

Ал эми өлкө боюнча илдетти жуктургандардын саны 33 296га жетип — анын ичинен 1 301 адам кайтыш болду.