Акыркы айда коронавирус жана пневмониядан (COVID-19 шарттаган илдет) каза болгондордун саны кескин өстү. Мындан бир ай мурун коронавирустан каза болгондордун саны 30дан ашпаса, 16-июлга карата алардын саны 167ге жетти. Ошондой эле, төрт айдын ичинде пневмонияга чалдыккан 612 киши көз жумду.

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 14-июлдагы брифингде коронавирус жана пневмониядан улам каза болгондорду кандай көмүү тууралуу убактылуу көрсөтмөлөрдү айтып берди.

Айнура Акматова

Кыскача айтканда:

  • маркумдун сөөгүн ары-бери жылдыруу жана ага карата ар кандай иш-аракеттерди азайтуу керек;
  • жаназага катышуучулардын ортосунда 2 метрге чейин социалдык аралык жана жеке гигиена сакталышы кажет (ошондой эле беткап тагуу — редакция);
  • респиратордук оорулардын симптомдору бар адамдар, акыркы сапарга узатуу аземине катышуууна тыюу салынат. Бирок алар катыша турган болсо, сөзсүз түрдө беткап кийип, аны ар эки саат сайын алмаштырып туруусу зарыл;
  • жаназада жакын туугандары жана маркум кайсы динди тутуп келген болсо, ошол диндин өкүлү катышса болот;
  • маркумардын сөөгү атайын адистештирилген транспорт менен ташылгандан кийин унаа дезинфекцияланышы керек.

Өлгөндөр дем албайт, бирок коронавирусту жуктура алышат

Сүрөт «Прозекторская» баракчасынан алынды

Коронавирустан өлгөн кишини союп көрүү бөлүмүнөн илдетти жуктуруп алуу корнкунучу эң жогору. Коронавирус адам менен кошо өлбөй, бир нече убакыт маркумдун денесинде калат. Ал канча убакытка чейин болору азырынча белгисиз.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун буйругуна ылайык, «өлгөнгө чейин COVID-19 илдети тастыкталган маркумдардын денелери патологоанатомиялык изилдөө үчүн моргго жөнөтүлүшү керек». Ошол эле буйрукта коронавирустан улам каза болгон маркумдун денеси менен кандай иштөө керектиги тууралуу методикалык көрсөтмөлөр жазылган.

Патологоанатом — өлүктү союп көргөн адис сөзсүз коргонуучу кийим кийиши кажет. Союу патологоанатомиялык бюронун обочолонгон бөлмөсүндө өтүүсү керек, ал жерде кызматкерлердин минималдуу саны болуусу абзел.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) патологоанатомдорго маркумдардын өпкөлөрүн кылдаттык менен тазалоо керектигин айтат, анпесе инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу пайда болот. Ошондой эле, маркумдун денсиндеги суюктук чачырандылары тийбеши үчүн ДСУ кызматкерлерге бет калкан, же атайын көз айнектер менен беткапты кийүүнү сунуштайт.

Изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин патологоанатом өлүктүн баардык тешиктерин жана жаракаттарын дезинфекцияланган пахта же марли менен жабат. Кийин ал денени алдын ала дезинфекциялоочу каражаттарды сиңирген алгач эки катмарлуу кепин менен ороп, эки катмарлуу суу өтпөс материалга салуусу керек. Толугу менен кепинделген дене кап же табытка салынат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маркумдун жакындарына анын денесини тийбөөнү жана өппөөнү сунуштайт. Айрыкча бул чектөө 60 жаштан ашкан жана иммунодефицити бар адамдарга тийиштүү. Ошондой эле, коронавирустан өлгөн маркумдун денесинен бир метр алыс туруу зарыл.

Муфтият эмне дейт?

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөлөрүн колдоп, бул маселе боюнча фатва да чыгарды.

*Фатва — ислам динине байланыштуу суроолор боюнча чыгарылган чечим.

Мусулман киши кайтыш болгондон кийин анын денесин жакын туугандары же, алар болбосо, «Кудайдан корккон жана ишеничтүү адамдар», жуусу керек. Чыгарылган фатва маркумдун туугандарына үч альтернативдик вариантка жол берет:

  • белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот;
  • эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок;
  • маркумду жуу эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип сөөккө таяммум (кум же таза топурак менен тазалоо) кылдырууга болот.

Ошондой эле, денени өрттөп же химиялык кислоталарды колдонуп көмүүгө болбойт. Коронавирустан улам каза болгон адамга жаназа окулуп, шариатка ылайык жерге берилүүсү милдеттүү болуп эсептелет. ДСУ да COVID-19дан көз жумгандардын денелерин өрттөөнүн кереги жок дейт. Мындан сырткары дүйнөлүк уюм «маркумдардын аброюн, маданий жана диний салттарынын сыйлоо зарыл» деп белгилейт.

Мындан сырткары муфтият жаназа намазга азыраак адамдарды катышууну сунуштап, алар социалдык аралыкты сактоосу керектигин айтат.

Дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун тажыясындагы адамдар жаназа намаз окууда. Экс-муфтий пневмониядан улам 11-июлда каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги жана муфтияттын сунуштарына карабастан, Жалиловго топурак салуу үчүн миңдеген адамдар келишкен. Сүрөт: Эркин Салиев

Тажыядагы тирүү адамдар маркумдарга караганда кооптуураак — алар дем алышат

Тажыяда COVID-19ду маркумдан эмес тирүү адамдан жуктуруп алуунун мүмкүнчүлүгү бир нече эсе жогору. Көп учурда адамдар ССМдин көрсөтмөлөрүн карманбай, жаназаларга көпчүлүк менен барып, беткап тагынбай социалдык аралыкты сактабай келет.

Мисалы май айында коронавирус менен ооруган жаран Бишкек шаарынан Чаткал районуна тажыяга келгенде 13 тууганына илдетти жуктурган. Алардын арасында «РСК Банктын» кызматкери да болгон.

Өкмөт жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөлөрүнө көңүл курбай, тажыя жана тойлордо илдетти жуктуруп алган учурлар көбөйгөнүн айтып, кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү көздөгөн. Бирок азырынча чектөөлөр күчөтүлгөн жок.

Жөнөкөй жарандар аткаминерлерден үлгү алып жаткандай таасир калтырууда. Бир нече убакыт мурун тажыяларда жакын туугандары, дин өкүлдөрү жана медкызматкер катыша алат деген ССМдин буйругун мекеменин башчысы өзү бузган. Анда министр Сабиржан Абдикаримов экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин жаназасына катышкан. Кийинчерээк Абдикаримов бул аракетин «адамгерчилик» деп түшүндүрдү.

Эл өкүлдөрү да бул эрежелерди бузганына күбө болдук. Мисалы бир ай мурун Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги «Кайнар» ресторанында экс-депутат Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутуу үчүн чогулушкан. Натыйжада ресторандын администратору күнөөлүү деп табылып, айып пул төлөөгө милдеттүү болгон.

Ал эми бул учур үчүн Жазык кодексинде «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси каралган.

Тажыяга чейин вице-премьер-министр Эркин Асрандиевде COVID-19 аныкталган. Буга карабастан ал депутат Чыныбай Турсунбековду эскерүү үчүн келүүнү чечкен. Асрандиевден сырткары тажыяда ондогон (мүмкүн жүздөгөн) адамдар болгон. Сүрөт: «Акипресс».

Ал эми инструкция боюнча — эгерде көпчүлүк туугандардын келүүсүн эске албасак — COVID-19дан каза болгондун тажыясы ушундай өтүүсү керек. Маркумду атайын коргонуучу кийимчен кызматкерлер көмүп жатышат. Ошондой эле, жаназага келген туугандар беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоодо. Маркумдун денеси кара кепинге оролуп, үстүнө плёнка ташталган.

Бул сүрөттө Кубанычбек Карагуловдун тажыясы тартылган. Анын жакындарынын айтымында, Ак-Талаа аймактык ооруканасынын 55-жаштагы хирургу коронавирустан улам каза болушу мүмкүн. Сүрөт: Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгы.