Премьер-министр Кубатбек Боронов азыр өлкөдө эпидемиологиялык абал оңолду деп айтуу кыйын экенин маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, аймактардагы абал кооптуу бойдон калууда.

«Айта кетсек, Жалал-Абад облусу, Ош шаары жана Ысык-Көл облусунда абал оор бойдон», — деди ал.

Республикалык штабдын 28-июлга берген маалыматына ылайык, Жалал-Абадда коронавируска чалдыккандар 2743 болсо, Ош шаарында 2510, ал эми Ысык-Көлдө 2282 учур катталган. Республика боюнча илдеттен 1329 бейтап каза болуп, 33 844 кишиге жуккан, анын 22 296сы оорудан сакайды.

Боронов жайкы эс алуу башталгандыктан Ысык-Көл облусуна келгендер көбөйгөнүн билдирди. Мисалы июнь айында 3 миң киши келсе, 20-июлга карата облуска келгендердин саны 10 кишини түзгөн. Тилекке каршы, оорунун инкубациялык мөөнөтү эс алып жүргөн учурга туш келгендер дагы жок эмес экенин өкмөт башчы кошумчалады.

«Бул жакка келгенде ооруп калгандар дагы катталууда. Балыкчы шаарындагы экопосттон облуска келип жаткандардын дене табы текшерилип жатат. Бирок эс алып жүргөндө дагы оорусу козголгондор, инкубациялык мезгили ошол жакта пайда болгондор бар», — деди ал.