Өзгөндө таксисттин сөөгү табылды. Анын өлүмүнө шектелип эки өспүрүм кармалды

Өзгөн районунун 29 жаштагы тургуну бир апта мурун такси кызматын көрсөтүү үчүн үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү 27-июлда Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде табылды. Маркумдун жакындары аны бүгүн жерге беришти.

Блогер Адыл Акжол уулу ютуб каналында таксисттин тажыясынан түз эфир жасады. Анда маркум Өзгөн шаарынын бир нече тургуну тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылат.

«5 жигит 200 сомго такси жалдап, бирок 100 сомун бербей ортодо жаңгал чыгып Зергер айылынын тургунун өлтүрүп, сууга ыргытып жиберген деген маалыматтар бар», — деп комментарий берген видеого Акжол уулу.

Маркумдун апасы анын өлүмү акыйкаттык менен териштирилишин талап кылып, аны өлтүргөндөргө эң катаал жаза берилишин суранууда.

Аталган тургундун артында кош бойлуу жубайы жана эки жаш баласы калды.

Ош ОИИБиден «Турмуш» басылмасына аталган факт боюнча сотко чейин өндүрүш башталганын кабарлашты. Тергөө алкагында 16 жана 17 жаштагы Өзгөн шаарынын тургундары кармалган. Басылма жазгандай, алар күнөөнү мойнуна алышты.

24-июлда милицияга Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө өрттөлгөн «ВАЗ» үлгүсүндөгү жеңил унаа тууралуу кабар түшкөн. Үч күндөн кийин унаанын ээсинин өрттөлгөн сөөгү дарыянын жээгинен табылган. Унаадан эмне себептен от чыкканын аныктоо үчүн техникалык экспертиза дайындалды.