10-августтан тарта Бишкекте «Тулпардын» көзөмөл кызматы ишке кирет

Бишкек шаарынын мэриясы 10-августтан тарта «Тулпардын» көзөмөл кызматы иштеп баштаарын билдирди. Бул күндөн тарта адистер айдоочуларда сатып алуу үчүн караталардын бар-жогун текшерип, жүргүнчүлөргө унаага кирүү жана түшүү, карталар менен валидаторлорду колдонуунун эрежелери тууралуу айтып беришет.

*2020-жылдын март айынан тарта Бишкектин шаардык транспортунда (автобус жана троллейбустарында) жол кире акысын «Тулпар» карталары менен гана төлөсө болот. «Тулпар» — бул накталай эмес төлөмдөрдүн бирдиктүү системасы. Бирок, пандемия, ӨА жана ӨК режимдеринен улам көптөгөн жүргүнчүлүлөр карта сатып алыша элек болуп, жол кире акысын накталай акча менен төлөөгө аракет кылышууда.

«Накталай акча менен төлөө фактылары аныкталганда адистер айдоочуга жана аны тескеген транспорттук ишканага карата чара көрүү үчүн актыларды түзүшөт», — деп билдиришти мэриядан.

Муниципалитеттен электрондук төлөө пандемия маалында накталай акча менен төлөгөнгө караганда коопсузураак болоорун белгилешип, тазаланбаган буюмдарга, өзгөчө купюраларды кармабоого чакырышты.

«Ал тургай ДССУ акча купюраларын колдонуудан оолак болууну сунуштап жатат», — деп билдиришти мэриядан.

Аларды кайдан сатып алса болот же алар кайда берилет:

  • Стандарттык көк карталарды айдоочулардын өзүнөн, мобилдик операторлордун кеңселеринен же «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрүнөн 50 сомго сатып алса болот;
  • Жеңилдетилген категория үчүн кызыл карточкалар райондук акимиаттардын имараттарында жана шаардык троллейбустук башкармалагында бекер берилет.

Коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолор менен төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

  • Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруткалар): 0550 143 637;
  • Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасы, автобустардын ишин тескейт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;
  • Бишкек троллейбустук башкармалыгы: 0700 411 905;
  • Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg