COVID-19: Мамлекеттик мүлк башкармалыгынын кызматкери каза болду

Азамат Кубанычев

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкери Азамат Кубанычев 29-июлда коронавирустан каза болду. Ал 59 жашта эле.

Фонд маркумдун жакындарына көңүл айтуу менен, анын өз жумушун мыкты билген кызматкер катары эскерди.

«Азамат Жусупбекович фонддун ишине чоң салым кошкон. Ал өз ишине берилген жана кесиптештеринин арасында чоң урмат-сыйга ээ болгон.

Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», — деп жазылат эскерүүдө.

Жусупбеков Чүй облусунун Кемин районунда туулган. 1978-жылы Фрунзе финансы-экономикалык колледжинин «Бухгалтер-финансист» адистигин, ал эми 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Финансы жана кредит» бөлүмүн аяктаган.

Кемин райондук финансы бөлүмүндө эмгек жолун баштап, Мамлекеттик салык инспекциясында жана Эсептөө палатасында ар кандай кызматтарда иштеген.

Маркум 5 жылдан бери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун системасында башкы адис болуп эмгектенип келген. Ал дээрлик бүт өмүрүн экономика тармагына арнады.

Өлкөдө 30-июлга карата коронавирус жана ал шарттаган пневмониянын 35 143 учуру катталды — анын 24 474 айыгып, 1 364 киши каза болду. 30-июль өлкө боюнча аталган илдеттен каза болгондорду эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.