Жайдын эки айында COVID-19 менен пневмониядан салык кызматынын жети кызматкери каза тапты — МСК

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы июнь жана июль айларында COVID-19 коштогон оорулар менен пневмониядан салык кызматынын жети кызматкери көз жумганын билдирди.

Каза тапкандар:

  • Турат Имеров — МСКнын борбордук аппаратынын ага инспектору;
  • Назгүл Керимакунова — МСКнын Тогуз-Торо району боюнча бөлүм башкармалыгынын жетекчиси;
  • Кубатбек Асанкожоев — Октябрь району боюнча салык органынын ага инспектору;
  • Авазбек Маманазаров — Кызыл-Кыя шаары боюнча салык органынын ага инспектору;
  • Гулзаада Байгудинова — Жайыл району боюнча салык органынын ага инспектору;
  • Элмирбек Арзыматов — Бишкектин Биринчи май району боюнча салык органынын башкы инспектору;
  • Кенжеахун Бостонбаев — салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары.

«Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты мезгилсиз дүйнөдөн кайткан салык кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт», — деп белгилешти ведомстводон.

Өлкөдө COVID-19дан курман болгондордун жаркын элеси үчүн 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Бул күнү Кыргызстандын мамлекеттик туусу бүткүл өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында түшүрүлөт.

Ал эми маданият жайлары менен телерадикомпанияларга аза күтүү күнүндө көңүл ачуучу иш-чаралар менен берүүлөрдү токтотуу сунушталган.

30-июлгка карата Кыргызстанда коронавируска чалдыгуунун 35 143 учуру аныкталып, алардын ичинен 24 474 бейтап айыгып чыккан.

Жалпысынан пандемиянын башынан бери коронавируска жана пневмонияга чалдыккан 1364 адам каза тапкан.