Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова «Клоопко» кабарлагандай, 31-июль күнү эртең менен Азимжан Аскаровдун балдары атасынын сөөгүн кыргыз-өзбек чек арасында тосуп алышты. Аскаровдун үй-бүлөсү менен укук коргоочулар Кыргызстандын консулдук кызматы анын сөөгүн өлкөдөн чыгарууга уруксат беришин беш күн күтүшкөн.
«Биз түнү бою уктаган жокпуз, [сөөктү коштоп бараткандар] баратышабы, эмне болушту деп алар менен такай байланышта болдук. Кесиптештерим ар кайсы адамдар жолдо баратканда кол салып, же чек арада күтүп турушу мүмкүн деп коркуп жатышты. Эртең менен саат 8дерде “Достук” чек арасында Аскаров менен анын достору, Оштогу адвокаттар, журналисттер коштошушту. Өзбекстанда аны балдары, абдан олуттуу жана күчтүү укук коргоочулар күтүп турушту», — деп айтып берди Исмаилова.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук кызматы Аскаровдун сөөгүн тышка чыгарууга 30-июль күнү кечинде уруксат берген. ТИМдин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев ведомствонун чечими тууралуу маалыматты 24.kg басылмасына ырастаган.
«Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсүнүн кайрылуусуна ылайык өзбек тарап менен консультациялар өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды милдеттүү сактоо жана туугандарынын өтүнүчүн түшүнүү менен канааттандырууга токтолдук», — деди ал.
Исмаилова «коштоо процессине байкоо салып жүргөн» Өзбекстандын Кыргызстандагы консулдугу менен «акыр-аягы бул маселени чечип берген» жергиликтүү аткаминерлердин баарына ыраазычылыгын билдирди.
«Көрсө бул эң жогорку деңгээлде чечилиптир, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болуптур. Өзүмдүн атымдан Чыңгыз Айдарбековго жана консулдуктун ичинде адам укуктары деген эмне, укук коргоочулар деген кимдер экенин жана Аскаровдун акыркы керээзин аткаруу керектигин түшүндүрүп жүргөн экс-акыйкатчы Турсунбек Акунга рахмат айткым келет», — деди укук коргоочу.
Беш күн күткөн уруксат
Исмаилова 30-июль күнү эртең менен кыргыз бийлиги Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга жөнөтүү боюнча маселени чече элек экендигин билдирген.
«Биз беш суткадан бери күнү-түнү уруксат күтүп жатабыз. Кыйналып бүттүк. [...] Хадича [Аскаровдун жубайы] өзүн начар сезип жатат, сөөк моргдо, бардык документтер, машина, баары даяр. А консулдуктан жооп жок. Процедура жүрүп жатат, жетекчилик менен макулдашылып жатат деп жатышат», — деп укук коргоочу бир күн мурда «Клоопко» билдирген.
Исмаилованын айтымында, маселе укук коргоочунун уулдары Өзбекстандын жараны, Аскаров менен жубайы Кыргызстандын жараны болгондуктан маселе татаалданган.
«Акыркы керээзинде ал сөөгүн Ташкенге коюуну суранган, анткени туугандарынын бардыгы Фергана өрөөнүндө. Алар Ташкенде окушкан, Хадича өзү Ташкенден. Улуу баласы Шерзод атасы кайтыш болгондон кийин дароо эле Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине жазган. Алар ага Кыргызстандын ТИМине нота жөнөткүчө күтө турууну айтышкан», — деп айтып берди Исмаилова.
Ал 29-июлда «Азаттыкка» билдиргендей, Өзбекстандын элчилиги «биринчи күндөн тартып аялына реанимобил берүүгө, сөөктү чек арадан баштап коштоп берүүгө даярдыгын билдирген».
«Аскаровдун иши жашай берет»
Исмаилова 26-июлда маркумдун сөөгүн алгандан кийин «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» укук коргоочулары нотариуска барып Аскаровдун жубайынан сот доолорун улантууга ишеним кат алышканын кабарлады.
«Ал арабызда жок болсо да иши жашай берет. Биз, укук коргоочулар эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштү улантабыз. Эң башкысы, кылмыш кылган бардык аткаминерлер жазаланышы үчүн күрөшөбүз. Жумуш абдан көп. Албетте, ал Кыргызстанда адилеттүүлүктү көрбөй кеткени көңүл оорутат», — деп эсептейт укук коргоочу.
Анын пикири боюнча, Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылганына карабай «эркин адам болгон жана эркин бойдон кала берет».
Аскаровдун өлүмү
Өмүр бою абак жазасына тартылган белгилүү укук коргоочу 25-июлда 47-колонияда дүйнө салды. Ал жакка Аскаровду медкароо үчүн которушкан болчу.
Анын адвокаты Валерьян Вахитов жана укук коргоочу уюмдар Аскаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин бир нече жолуп билдирип, аны «гумандык кылып» бошотууну талап кылышкан.
Вахитовдун айтымында, Аскаров акыркы жолугушууда өз алдынча баса албай, аны колониянын кароолчулары жөлөп алып келишкен. Муну менен бирге укук коргоочу арыктап кеткен, ошондой эле ал дээрлик тамак жей албагандыктан ага глюкоза инъекцияларын сайып турушкан.
Вахитов коргоп жаткан адамы кубарып, жөтөтүп атканын да байкаган. Колониянын фельдшери адвокатка Аскаровдун ооруп жатканына 10 күн болуп калганын кабарлаган.
Ал эми укук коргоочу Төлөкан Исмаилова 28-июлда маркум Аскаровдун сөөгүн текшерүүнүн жыйынтыгы чыкканын билдирген. Медициналык корутундуда Аскаровдун өлүмүнө эки тараптуу толук пневмониянын шартында өөрчүгөн курч дем алуу кемчилдиги себеп болгону айтылат.
Бул убакыттын аралыгында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы укук коргоочунун абалы начарлаганы айтылган маалыматты четке кагып, «бардыгы көзөмөлдө» деп көшөрүп туруп алган. Ал эми Аскаров кайтыш болуп калгандан кийин ЖАМК билдирүү таратып, укук коргоочу пневмония болгонун, ал эми маркум стационарда дарылануудан баш тартып туруп алган деп билдирген.
ЖАМКтын версиясына ылайык, укук коргоочунун баш тартуусуна карабастан ведомствонун кызматкерлери аны 47-колонияга которуп, ошол жерден Аскаров «кычкылтек концентраторунун беткабын чечип салып, ошондон улам көз жумган».
ЖАМК Аскаровдун сөөгүн туугандарына 27-июлда өткөрүп берди. Маркум укук коргоочунун адвокаты Валерьян Вахитов Kaktus.media-Osh басылмасына Аскаровдун сөөгү керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилээрин кабарлаган.
«Биз азырынча Өзбестандын бийлиги Аскаровдун сөөгүн киргизеби же жогун билбейбиз. Расмий жооп күтүп жатабыз. Туугандары аны Кыргызстанда жерге берүүдө коркушууда. Алар вандализмден чочулап турушат», — деп келтирет Вахитовдун айткандарын басылма.
Эл аралык эки ири уюм — Европа биримдиги жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигине укук коргоочунун өлүмүнүн жагдайын иликтөө өтүнүчү менен кайрылышты.
Аскаров деген ким?
Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.
Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган.
Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган. Бирок талап аткарылган эмес.