COVID-19дан айыккандардын саны 27 274кө жетти

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 2-августта коронавирустан 848 бейтап айыкканын кабарлады. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 305.

Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 155, Ысык-Көл облусунда — 132, Чүй облусунда — 65, Нарын облусунда — 43, Талас облусунда — 42, Баткен облусунда — 41, Ош облусунда — 35 жана Ош шаарында — 30 бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Илдеттен айыккандардын арасында 46 медкызматкер бар — алардын 41и үй карантинде дарыланышкан.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 27 274 бейтап айыкты — алардын ичинде 1 812 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 36 719га жетти. Илдет 1 409 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.