Коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 854кө жетти

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 4-августка карата бир суткада коронавируска 25 медициналык кызматкер чалдыкканын кабарлады.

COVID-19 Ош шаарында сегиз, Ысык-Көл облусунда беш, Жалал-Абад облусунда төрт, Чүй жана Ош облустарында үчтөн, Бишкек шаарында эки медкызматкерден аныкталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 41 медкызматкер айыкты — алардын 36сы үй карантинде дарыланган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 854кө жетти, алардын 1 894ү оорудан сакайды. Мындан сырткары өкмөт 30-июлда 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан тарта медиктердин кошумча акысын төлөө үчүн 807 млн сом жумшалганын билдирди. Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.