Медиктерге кошумча акы төлөө үчүн беш айда 807 млн сом жумшалды — ССМ

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев 3-августта билдиргендей, коронавирус жуктурган бейтаптар менен иштеген медкызматкерлерге 807 млн 200 миң сом кошумча акы төлөндү. Бул каражаттар медиктерге акыркы беш айда которулган.

«Алардын ичинен медицина кызматкердерине март айында 37,7 млн сом, апрель айында 111,1 млн сом, май айында 110,1 млн сом, июнь айында 118,3 млн сом, июль айында 430 млн сом төлөнгөн», — деди Баймурзаев.

*COVID-19ду жуктурган бейтаптарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган. Төлөмдүн өлчөмү медицина кызматкеринин категориясына жана анын жуктуруу очокторунда канча убакыт өткөргөнүнөн көз каранды.

Ошондой эле өкмөт иш убагында коронавируска чалдыккан медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом кун төлөп берүүнү убадалаган. Бирок акча берилердин алдында ССМдин атайын комиссиясы эпидемиологиялык иликтөө жүргүзөт.

Баймурзаев иш убагында коронавирус жуктуруп алган төрт медкызматкерге бүгүн 200 миңден төлөнгөнүн маалымдады. Буга чейин ССМ COVID-19га чалдыккан 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатканын билдирген.

Калган медкызматкерлер компенсация алуу үчүн керектүү документтерди толук бербегени үчүн алардын арыздары кайрадан каралат. Ошондой эле Баймурзаев илдеттен каза болгон эки медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөнгөнүн кошумчалады. Калган кайтыш болгон медиктердин туугандарына коменсация төлөө маселеси жатат.

3-августка карата коронавирус жалпы 2 829 медкызматкерден аныкталды — алардын 1 853ү илдеттен айыкты. Ал эми расмий статистикага COVID-19 жуктуруп каза болгон 73 медик кирди. Бирок илдеттен кайтыш болгон медкызматкерлердин саны мындан да көп болушу мүмкүн.