COVID-19: Эл агартуунун отличниги Чолпон Абдрахманова дүйнө салды

Чолпон Абдрахманова

Коронавирус илдетинен 2-августта Эл агартуунун отличниги, биолог Чолпон Абдрахманова каза болду. Ал 59 жаш курагында Каракол шаарындагы облустук бейтапканада көз жумду.

Абдрахманованын кайтыш болгону тууралуу фейсбуктун колдонуучусу Нурипа Муканова кабарлады.

Абдырахманова 1961-жылы 28-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чырак айылында врач менен мугалимдин үй бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1984-жылы Прежевальск шаарындагы (азыркы Каракол) Кыргыз мамлекеттик педогогикалык институтунун Биология-география факультетин ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы эмгек жолун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын Жумагул Алышбаев атындагы орто мектебинде баштап, өмүрүнүн акырына чейин талбай эмгектенген.

«Биология сабагынан билим берип, көптөгөн окуучуларынын сүймөнчүлуктүү мугалими болгон. Ал таалим берген окуучулар райондук, облусттук, республикалык олимпиадалардан жемиштүү орундарды багынтышкан. Жүздөгөн жаштар Чолпон Кайыпбековнанын эмгегинин аркасында медициналык окуу жайларда окуп, ошол кесипти аркалап келишет», — деп жазды Муканова.

Маркум Эл агартуунун отличниги, Эл агартуунун профсоюзунун отличниги наамдарынын ээси. Өмүрүнүн 36 жылын билим берүүгө арнаган Абдрахманованын аркасында эки уул, эки кызы калды.